Сокулук: Төрөттөн көз жумган келин, жетим калган балдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулук районундагы төрөт үйүндө 25 жаштагы Айым Жыргалбек кызы каза тапты. Ымыркайына операция жасалды. Маркумдун жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, укук коргоо органдарына кайрыларын билдирди. Дарыгерлер келин "өзү төрөйм" деп, жоопкерчиликти алып, кагаз жазып бергенин белгилешет. Оорукана жетечилиги экспертизалар жасалып, алардын жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгарын белгиледи.