Ташкентте быйыл 18 имам иштен алынды

Өзбекстан.

Өзбекстандын борбор калаасы Ташкенттеги мечиттерде быйылкы жыл башталгандан берки сегиз ай ичинде 18 имам жана имамдын орун басары кызматынан четтетилгенин, алардын арасында таасирдүү диниятчылар бар экенин 12-сентябрда "Озодлик" жазды. Өлкөнүн Мусулмандар башкармалыгында 11-сентябрда өткөн жыйында айтылгандай, алардан тышкары эки имам-хатибге жана эки имам орун басарына сөгүш жарыяланды.

Муфтияттын маалыматына караганда, Ташкенттин мечиттеринде иштеген сегиз имам-хатиб жана 10 имам орун басары "диний лидер катары өз кызматына тийиштүү көңүл бөлгөн эмес жана эмгек милдетин талаптагыдай аткарган эмес" деген негизде кызматтан алынды.

Азыркы тапта Өзбекстанда, "Озодликтин" өз булактары маалымдагандай, имамдардын артынан байкоо жүргүзүлүүдө, алардын социалдык түйүндөрдөгү активдүүлүгү боюнча да көзөмөл жүрүп турат. Жер-жерлердеги имамдардын жана алардын орун басарларынын ишмердиги текшерилүүдө.

Өзбекстандын Министрлер Кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитеттин буйругуна ылайык, каттоодон өтпөгөн мечиттер жана айрым диний окуу жайлар жабылат. Үй шартында жана башка жайларда жеке диний билим алууга тыюу салынат. Салтуу исламга туура келбеген жыйындарды өткөрүүгө да болбойт.

"Жада калса белгилүү диний окуу жайлар да жабылууда. Мисалы, Ташкенттеги 18-кылымга таандык Кукалдош медресеси эбак жабылып, анын Эски шаардагы имараты соода комплексине айланган. Мекеменин жетекчиси Абдухаким Кори Маткулов кызматынан бошотулуп, окумуштуулардын ардактуу кеңешине өттү", - деп билдирди радионун өз булагы.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өткөргөн өкмөт жыйынында 400дөн ашык мечитти жана тийиштүү түрдө каттоодон өтпөгөн имараттарды бузуу тапшырмасы берилгени буга чейин кабарланган.

Өткөн жылы сентябрда өкмөттүк жыйында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, "диний радикализм күчөп баратканы" белгиленген жана бул үчүн кооптонуу керектиги айтылган. (RK)

Дагы караңыз

Министрлер кабинети Орусия Жалал-Абад менен Таласта эки чакан ГЭС курарын билдирди 11 журналисттин соту: УИАнын мурдагы эксперти көрсөтмө бердиОрусиялык тележурналист, укук коргоочу Николай Сванидзе дүйнө салдыДепутат Молдобекова жардамчысынын кармалышы боюнча комментарий берди