Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Орусиялык тележурналист, укук коргоочу Николай Сванидзе дүйнө салды


Николай Сванидзе.
Николай Сванидзе.

Орусиялык тележурналист жана укук коргоочу Николай Сванидзе дүйнө салганын 12-сентябрда "Московский комсомолец" гезити жазды, бул маалыматты укук коргоочу Ева Меркачёва да тастыктады.

Сванидзе 69 жашта болчу, соңку жылдары ал мээнин ишемиясы деген оор дарт менен ооруп жүргөн.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын соңунда Сванидзе Орусиянын мамлекеттик телеканалында коомдук-саясий жана аналитикалык программаларды алып барчу. ВГТРК каналынын жетекчиси болуп иштеген, ондон ашуун тарыхый фильм тарткан.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан күнү орус бийлигинин бул чабуулун негизсиз жана себепсиз кол салуу деп атаган. Мындай кандуу согуштун кесепети Орусия үчүн оор болорун бир нече жолу айткан.

2022-жылы ноябрда орус президенти Владимир Путин бир катар укук коргоочу жана журналисттер менен чогуу Сванидзени да Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнөн ажыратып, алардын ордуна согушту колдогон кишилерди дайындаган.

2022-жылы декабрда Сванидзе 12 жыл ээлеп келген РГГУнун Массмедиа жана жарнама институтунун директору кызматынан четтетилген. (RK)

XS
SM
MD
LG