Орусия Курск облусунда контрчабуулга өткөнү кабарланууда

Курск облусу. Орусия, 8-сентябрь, 2024-жыл (Иллюстрация)

Орусиялык аскерлер Курск облусунда контрчабуулга өтүп, украин армиясы буга чейин көзөмөлгө алган бир нече айылды кайтарып алууга жетишти. Бул тууралуу украиналык DeepState талдоо долбоору, аскердик талдоочу Роб Ли жана орусиялык бийликчил блогерлер жазышты.

DeepState долбоорунун 11-сентябрдагы маалыматында Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн украин армиясынын батыш флангындагы абалы начарлаганы айтылат.

Изилдөөчүлөр орусиялык аскерлер “брондолгон техникасын адегенде Сейм дарыясы, кийин майда сайлар аркылуу ташып, активдүү чабуулга өткөнүн” билдиришти.

Андан тышкары украин аскерлери таштап кеткен Коренево тарапта аракеттер байкалды. Снагость айылында кармаштар тутанды.

Согушту колдогон "Два майора" Телеграм-каналы чабуулду десанттык полктун жана деңиз аскерлеринин бригадалары артиллерия жана авиациянын коштоосунда ишке ашырып жатканын жазды.

"Рыбарь" маалымдагандай, орус күчтөрү Обуховка, Анапасовка жана Вишневка кыштактарын кайтарууга жетишти.

Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 10 жоокер туткунга алынганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусундагы контрчабуул тууралуу маалыматты азырынча расмий комментарийлеген жок.

Салгылашуулар жүрүп жаткан шартта майдандагы окуялардын өнүгүшүн ыкчам текшерүү дээрлик мүмкүн эмес.

6-августта Украинанын армиясы Орусиянын Курск облусунун аймагында операция баштаган. Киев анын башкы максаты өз өлкөсүн орус чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү экенин белгилеген.

Дагы караңыз

Украина, Газа жана Путин. АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы дебаты "Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЖИА баштаган үч уюм реестрге кирди