Талаштуу мыйзамдын таасири кандай?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Юстиция министрлигинин "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" үч уюм катталды. Алардын катарында ЖИА-бизнес ассоциациясы да бар. Жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирген уюм “чет элдик өкүл” мыйзамынын талабын аткаруу үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. Юстиция министрлиги 9-ноябрга чейин коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтер кабыл алына турганын кабарлады. Көз карандысыз эксперттер Орусиядагы "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын көчүрмөсү катары мүнөздөлгөн мыйзамдын кесепетинени чочулап жатышат.