АКШ жана Британиянын башкы дипломаттары Киевге барды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми. Киев, 11-сентябрь, 2024-жыл

АКШнын жана Британиянын башкы дипломаттары Энтони Блинкен менен Дэвид Лэмми шаршембиде Киевге барышты. Алар Украинанын расмий адамдары, анын ичинде президент Владимир Зеленский менен жолугушмакчы.

“Орусия агрессиясын күч алдырып, айыгышкан күзгү салгылаштар маалында Украина маанилүү учурга туш болду деп ойлойм”, - деп айтты Блинкен Киевге аттанар алдында Лондондо өткөн маалымат жыйында.

Мамлекеттик катчы Зеленскийден жана башка жетекчилерден Украинанын согуштагы максаттары жана Вашингтон ага жетүү үчүн кандай жардам бере аларын уккусу келерин айтты.

Киев өнөктөштөрүн Батыш берген курал менен Орсиянын аймагына сокку урууга уруксат берүүгө үндөп келатат.

Вашингтон жаңжалдын күчөшүнөн чочулап, алыска сокку урган андай оор куралды, өзгөчө Америкада өндүрүлгөн системаларды Орусиядагы буталарга каршы колдонууга расмий уруксат бере элек.

Бирок шейшембиде АКШ президенти Жо Байден администрациясы Украинага орус агрессиясына туруштук берүү үчүн узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга киргизилген чектөөнү алууну талкуулап жатканын билдирди. Ак үйдөгү айрым булактар бул жааттагы саясат өзгөрбөйт деп болжолдошот.

Ошол эле маалда Энтони Блинкен уруксат берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбасын The Times жазды.

Орус армиясы кошуна өлкөсүн түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келатат.

Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 11-сентябрга караган түнү каршы тарап баллистикалык, зениттик ракеталар, дрондор менен сокку урду.

Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын танууда.

Киев жана эл аралык уюмдар андай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.

Дагы караңыз

Дрезденде борбордук көпүрөнүн бөлүгү урап калды"Чет элдик өкүл" реестрине үч уюм катталды, арасында ЖИА да бар 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?