Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

"Чет элдик өкүл" реестрине үч уюм катталды, арасында ЖИА да бар


Юстиция министрлигинин "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" үч уюм катталды. Арасында ЖИА (Жаш ишкерлердин) бизнес ассоциациясы, "Евразия бизнес клубу" ишкерлер бирлиги", Кыргызстандагы Fauna and Flore International (Фауна энд Флора Интернэшнл) компаниясынын филиалы бар.

ЖИАнын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу бул маалыматты "Азаттыкка" ырастады.

"Мыйзамдын талабы боюнча каттоодон өтүш керек экен", - деди.

Юстиция министри Аяз Баетов 6-августта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү боюнча бир нече уюмдардан арыз түшкөнүн билдирген. Министр алардын документтери каралып жатканын айткан.

21-майда Юстиция министрлиги "чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин" билдирген. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Ал 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын бирдиктүү маалымат базасында учурда 11 миң 819 коомдук бирикме жана 8 миң 749 коомдук фонд катталган. Алардын бардыгы эле укук коргоо ишмердиги менен алектенбейт.

ЖИА Бизнес ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген демилгелүү ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ассоциация 1400дөн ашык ишкерлерди бириктирип, Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун активдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн бардык шарттарды сунуштаган аянтча болуп саналат. ЖИА мамлекеттик институттар, эл аралык өкүлчүлүктөр жана донордук уюмдар, элчиликтер менен иштешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG