Президентти колдогон "Мекенчилдер" соттон акталып чыгышканы белгилүү болду

"Мекенчил" партиясынын тарапташтары катары таанымал, бейбаштыкка шек саналып кармалган Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов.

"Мекенчил" партиясынын тарапташтары катары таанымал, бейбаштыкка шек саналып кармалган Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов сот тарабынан акталышканы белгилүү болду.

Алардын иши Бишкектин Ленин райондук сотунда 10-сентябрда каралып, сот чечими менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушкан.

Маалыматты Ленин райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Чечимде: "Т.Э.Т., М.А.М., А.Н.А., С.уулу Р., И.И.К. жана С.М.С. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, 2-бөлүгү, 1-пункту менен угузулган айыбы айыпталуучулардын жабырлануучу менен жарашуусуна байланыштуу жана жабырлануучу айыптоону колдоодон баш тартканына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушту", - деп жазылган.

Сот шектүүлөрдү Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") менен "аракетинде кылмыштын курамы жок" деген негиз менен актаган.

Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Нурак Акимов сот залынан бошотулган. Алар өкүм күчүнө киргенче үй камагында болушат. Ал эми Руслан Самудин уулу, Мирлан Стамов, Илимбек Истамовдун (Исраилов) үй камак түрүндөгү бөгөт чарасы күчүндө калтырылган. Булар үй камагына май айында чыгарылган.

Өздөрүн "Мекенчил" партиясынын тарапкерлери деп атаган бул адамдар быйыл 9-апрелде кармалып, камакка алынышкан. Алар Бишкектин тургунун сабап, мыйзамсыз кармоого шек саналышкан.

Марипов буга чейин “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган. Каныбек Туманбаевге жакын адамдар буга чейин "Мекенчил" партиясында жүргөн бир нече адамга чагымчылык кылып, карматууга аракет кылган деп айыптаган.

Кийинчерээк Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында Азамат Мариповду өзүн "шантаж кылууга өттү" деп жазган.

Окуяга президент Садыр Жапаров да аралашып,"мекенчилдер" деп аталгандардын арасында мыйзамсыз иштерге баргандар бар экенин, шантаж кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандардын баары жоопко тартыларын билдирген.

  • Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.
  • Илимбек (Истамов) Исраилов коррупцияга айыпталып камалган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. 2020-жылы Октябрь окуясында бийлик алмашкандан кийин бир катар медианы, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясына катышкан. 2022-жылы "Азаттыктын" кеңсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча милицияга арыз жазылганы менен, иштин жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.(ZKo)

Дагы караңыз

Беделдин ачылышы: Кытай Борбор Азияга дагы жакындайбы?ЖК депутаттары өкмөттүн жаңы окуу графиги боюнча чечимин сындаштыЕвропа соту Apple компаниясын Ирландияга 13 млрд евро төлөөгө милдеттендирдиАКШ жана Улуу Британия Орусия менен Иранга каршы санкцияларды күчөттү11-сентябрь: Америка жергесиндеги апааттын элеси