Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Европа соту Apple компаниясын Ирландияга 13 млрд евро төлөөгө милдеттендирди


Маргрет Вестагер.
Маргрет Вестагер.

Европа соту америкалык Apple компаниясын Ирландияга 13 млрд евро салык төлөөгө милдеттендирди. Би-Би-Синин жазганына караганда, ушуну менен сегиз жылга созулган сот аяктады.

Алгач 2016-жылы Еврокомиссия Apple компаниясына салык жеңилдиктерин мыйзамсыз бергени үчүн Ирландияны айыптаган. Дублин өз кадамдарын туура деп эсептеп келген. Бирок сот айыптоочу тараптын жүйөсүнө макул болду. Ирландиянын бийликтери сот чечимин аткарууга убада беришти.

Ушул эле күнү, 10-сентябрда башка бир америкалык глобалдык компания Google менен дагы бир узакка созулган соттук териштирүү аяктады. Европа соту компанияны Батыш рыногундагы үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таап, аны 2,4 миллиард евро айыпка жыккан.

Европа сотунун монополияга каршы мекемесинин башчысы Маргрет Вестагер сот чечимин "европалык жарандар жана салык адилеттүүлүгү үчүн чоң жеңиш" деп атады.

Apple компаниясынын иши боюнча Европа соту жаңы чечим гана кабыл албастан, Еврокомиссиянын бул маселеге байланыштуу 2016-жылы айтылган баштапкы позициясын да тастыктады. Анын маңызы Ирландиянын бийликтери компанияга салык жеңилдиктерин мыйзамсыз бергендигинде. Эми Apple 1991-жылдан 2014-жылга чейинки айырманы төлөп бериши керек.

Ирландиянын Apple компаниясына берген салык жеңилдиктери мыйзамсыз деп табылды. Анткени Apple компаниясынын Ирландиядан тышкаркы жерде жайгашкан атаандаштары ушул сыяктуу каржылык колдоо ала алышпайт.

XS
SM
MD
LG