Газа: Ал-Маваси лагеринде ондогон чатыр өрттөндү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Газада соңку түнү Израилдин аскерлери абадан сокку уруп, Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду, 70тей адам жараланды. Анклавдын чукул кырдаалдар кызматы кеминде 20 чатырды өрт чалганын кошумчалады. Медиктер менен лагерде башкалкалаган палестиндер ал жер гуманитардык зона деп белгиленгенин айтышат. Израил ХАМАСтын командалык пунктун бутага алганын жүйө келтирди.