Кыргыз өкмөтү “Бедел” өткөрмө бекети Кытай менен соода алаканы жана кызматташтыкты дагы да өнүктүрөт деп ишенип турат. Торугарт менен Эркечтамдан кийин үчүнчү болуп ачылган бул жол аркылуу жаңы транспорттук-логистикалык коридор жана туризм дарбазасы ачылат деп эсептелет.
Бекетте чек ара, фитосанитардык, карантиндик, транспорттук жана бажы көзөмөлү жүргүзүлөт.
“Бедел” өткөрмө бекети менен катар Барскоондон Кытайдын Үчтурпан, Аксуу шаарларына багытталган жаңы эл аралык автоунаа жолу дагы курулуп жатат.
Жолдун узундугу 685 чакырымды түзүп, анын Барскоондон Беделге чейинки 58 чакырымы Кыргызстан тарапта жайгашкан. Салыштыруу үчүн, Кашкар - Торугарт - Бишкек жолу 1160 чакырымга созулат.
Расмий маалыматтар боюнча Кытайдан жүк ташууда Бедел ашуусу аркылуу келген жол Торугартка караганда 430 чакырым жакыныраак болот.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Азат Эркебаев социалдык тармактагы баракчасында “Бедел” жолун ачууга кытайлыктардын эмне үчүн кызыкдар экендигин мындайча түшүндүргөн:
“Албетте, бизге кирген товардын дээрлик бардыгы ички Кытайдан, көбүнесе түштүк жагында өндүрүлгөн. Бирок аларды ташып келүү, киргизүү Шинжаңдын эки аймагы аркылуу жүргүзүлгөн, көңүлдүн баары, назарыбыз ошол жакка бурулган. Жакынкы эле 10-15 жылда капталыбызда турган, узак убакыт көз жаздымда калып келген Кытайдын Ак-Суу ооданында дүркүрөп өсүп-өнүгүү күч алыптыр. Азыр Шинжаң боюнча өнүгүү жагынан 4-орунга чыгыптыр. Ак-Сууда айыл чарба тармагы: пахта өстүргөндөн даяр кездеме чыгарууга чейин толук циклин түзүп, мөмө-жемиш өстүрүү жана кайра иштетүү өндүрүшү, курулуш тармагы өнүгүптүр. Мунайзат өндүрүү жана мунай-химия өндүрүшү, мунайзат иштеп чыгуучу заводдор курулуптур, туризм өнүгүптүр. Бирок ушундай өнүккөнү менен, Ак-Суунун эң чоң минусу – бул тышкы дүйнөгө, чет өлкөлөргө чыкканга дарбазасы, өткөрмө бекети жок болуп келген экен. Эми кыргыз-кытай чек арасынын Ысык-Көл менен Ак-Суу багыттарында жаңы дарбаза – “Бедел” өткөрмө бекети ачылса, эки өлкөгө зор пайда алып келип, экономикалык өнүгүүгө түрткү бере турган себепкер болору байкалып турат”.
Өткөрмө бекет кыска мөөнөттө курулуп, расмий ачылганы менен, Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун расмий аземдеги сөзүнө караганда, анын толук кандуу иштешине дагы үч жыл убакыт бар. Бул аралыкта жолдор, инфратүзүмдүк объектилер жана иштөө шарттары эл аралык стандарттарга ылайыкталып жасалат.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, сентябрдын башына карай Барскоондон Бедел ашуусуна чейинки 58 чакырым убактылуу жолдун 60% жеңил унаага ылайыкталып кеңейтилген. Ашууларды ашкан 34 серпантин жолдун жетөө, дарыяны басып өткөн 16 көпүрөнүн төртөө бүткөрүлгөн.
"Кытайга жол кыскарып, машакат азаят"
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев Кыргызстан транзиттик экономиканын пайдасын көрө турган ыңгайлуу жерде жайгашканын айтат. Мында салыктан, күйүүчү май, тамак-аш өңдүү товарларды сатуудан, мейманкана, ашканалардын тейлөөсүнөн пайда табууга болорун, арзан товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү кеңейерин белгилейт:
“"Бедел" ачылса, Торугартты да кеңейтебиз, кирип-чыккан унааларды көбөйтөбүз деп атышат. Ошолор көбөйсө, Кыргызстанга бир топ эле пайда болот. Себеби транзитке биз маани бербейбиз, бирок дүйнө жүзүндө муну пайдаланган көп мамлекеттер абдан жакшы акча табышат. Мисалы, Беларус, Литва, мобу Казакстан транзитти өткөзүп коюп эле экономикага абдан көп пайда түшүрүп атышат. Эми Үрүмчүгө түз чыга алабыз, бул жерден ал жапжакын болот. Мисалы, биз Кашкар аркылуу Торугартка келгенде 1500 чакырымдан ашык жүрчүбүз. Бул жактан түптүз эле келе калабыз. Бул жол Хоргоско жакыныраак, Үрүмчүнүн тушунда. Ошол 1500 чакырым жол Такла-Макан деген чөл аркылуу өтчү. Ал жерде дагы татаалдыктар көп эле болчу, автоунаалар бузулуп бир-эки жума туруп калчу”.
Учурда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кытайдын үлүшү 42% болууда. 2023-жылы бул көрсөткүч 34,2% болчу.
Мунун 98% импорттон, 2% экспорттон турат. Кыргызстан Кытайдан көбүнчө жеңил өнөр жай товарларын, азык-түлүк товарларын, ар кандай өндүрүш жабдыктарын, автоунааларды жана алардын тетиктерин алып келет. Соңку кездери өзү көп керектебеген жабдуулар менен тетиктерди да импорттоо күчөгөн. Алардын басымдуу көпчүлүгү Орусияга же башка мамлекеттерге реэкспорттолуп турат.
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев Орусиядагы каатчылыктар менен Казакстандагы тоскоолдуктардын айынан Кыргызстан аркылуу өткөн транзиттик жолдордун мааниси улам артып баратканын эске салат:
“Соода экономиканын кыймылдаткычы болуп жатпайбы. Биз 30 жылдан бери Кытай менен сооданы кеңейте албаптырбыз, ошого маани бербептирбиз. Эми сооданы көбөйтүү керек . Анын үстүнө азыр санкциялардын айынан Жибек Жолун Орусиядан өткөрбөй, казактар дагы тоскоолдук кылып атпайбы. Ошого жараша Кыргызстанга пайдалуу эле болот. Темир жол ачылып калса, Орусия, Казакстандан тышкары үчүнчү жол толугу менен биздики болот”.
"Үзүрүн Кыргызстанга караганда Кытай көп көрөт"
Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам өткөрмө бекеттери аркылуу ири товардык агым жүрүп турат. Буга кошумча, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын курулушу башталууда. Анын техникалык мүнөздөмөлөрү менен саясий-экономикалык шарттары аныкталып, Кыргызстан үчүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жогору бааланып келет.
Бирок өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Кытай менен Кыргызстандын эсептеринде ири айырмачылыктар бар. Маселен, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кытайдын бажы башкармалыгы Кыргызстандын статистикасынан үч эседей (292%) көп эсепти жарыялаган. Айрым жылдары ажырым 4-5 эсеге чейин жетип турат.
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев транспорттук-логистикалык жолдор кытай базарлары үчүн эң пайдалуу деп эсептейт:
“Кытайдын эң экономикалык жандуу аймагы – бул Шанхай. Бул түштүк бөлүгү. Негизи түндүк бөлүгү – Шиңжаң жана Ички Монголия экономикалык жактан эң аз каралган аймактар. Кытай өкмөтү Ички Монголияны субсидия менен бир аз карап турса да, Шиңжаңга такыр акча берген эмес. Шиңжандагы туруктуулуктун жоктугу дагы ушул себептен. Эгерде эл беймарал жашаса, байыса, анда Шиңжаң эч качан көтөрүлмөк эмес. Шиңжаң биз менен чектеш, Кызыл-Сууда биздин туугандар турат. Эгерде ушул аймак логистикалык жактан өнүксө, албетте, эң биринчи бенефициар (пайда алуучу) тарап ушул аймак болот. Анткени бизде өндүрүш абдан чектелүү. Бизде өндүрүштү аябай өнүктүрүш керек. Себеби Кытайда өндүрүш солгундайт деген божомолдор бар. Кытайда азырынча өндүрүш чоң болгондуктан, ушул соодада кошумча нарк пайдасын ушул өлкө табат. Биз болсо акча агымынан кичинекей бир бөлүгүн эле алабыз. Бул транзиттик төлөмдөр жана кошумча инфратүзүмдөрдөн келе турган пайда”.
“Бедел” дарбазасы ачылса Кытайдын Шиңжаң аймагына түз жана кыска байланыш жолу түзүлөт. Бул соода алакасы менен катар, өндүрүштүк карым-катыштын мүмкүнчүлүктөрүн да бир кыйла кеңейтет. Алсак, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров июнь айында Шиңжаңдын Хами шаарында жайгашкан Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd компаниясына барып, Кызыл-Омполдон өндүрүлгөн титаномагнетитти чогуу иштетүүнү сүйлөшкөн. Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн аймагында бир катар тоо-кен жана гидроэнергетикалык долбоорлорго кытай компаниялары инвестиция салаары кабарланып келет. Ал сүйлөшүүлөр ишке ашса, анда тоо-кен ресурстарын жана өндүрүшкө зарыл болгон жабдууларды ары-бери ташууда "Бедел" ашуусу эң ыңгайлуу жол болмокчу.
"Кытайдын таасири улам өсүп барат"
Бир катар эксперттердин баамында, “Бедел” жолу Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинен Кыргызстанга барган сайын таасири артып бараткан Кытайдын экономикалык стратегиясынын бир бучкагы болуп эсептелет. Транспорттук-логистикалык чынжырчалар аркылуу экономикалык таасирин арттыруу мүдөөсү Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун өзөгүндө турат.
Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул Кытайдын Борбор Азиядагы жүргүзүп жаткан геосаясаты экономикалык кызыкчылыктар менен өтө чырмалышкан абалда экенин белгилейт.
Серепчи Кытай эл аралык саясатта өз кызыкчылыгын эч уттурбаган мамлекет катары Кыргызстан менен дагы алаканы ошол өңүттө жүргүзүп жатканын эске салат.
“Аз-аздан, билинбей, көзгө көрүнбөйт, так айта албайсың, бирок ал процесстер ошол нукта кетип жатат. Экономикалык жактан Борбор Азия мамлекеттеринин Кытайга тышкы карызы көп болуп калды. Өзгөчө Тажикстан менен Кыргызстандыкы. Көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын пайда болушу, биздин көп ресурстардын Кытайга чыгып кетип жаткандыгы, биздин транзиттик потенциалды колдонуп темир жолдорду салабыз деп жаткандыгы. Салганда дагы Кытайдын өзүнө эң пайдалуу - аны деле биз каржылашыбыз керек болуп жатат. Билинбеген менен, бир топ эле көз каранды болуп калдык, менимче. Акырындан аны саясий жана коопсуздук чөйрөлөрүнө дагы өткөргөнгө аракет кылып жатат. Анткени азыр Орусия алсырап жаткандыктан, тарыхый ыңгайлуу момент болуп жатат окшойт. Ошон үчүн былтыр биринчи жолу “Кытай - Борбор Азия” деген саммитти өткөрбөдүбү. Кытай азыр саясий маселелерди Борбор Азия менен түздөн-түз талкуулап жатат".
Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрдөн алган тышкы карызында Кытайдын үлүшү бир кыйла жогору. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын ортосуна карай Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд доллар болсо, анын 1/3 (36,9%) Кытайдын Экспорт-Импорт банкынан алынган. Алар негизинен жол жана энергетикалык долбоорлорго жумшалган. Кытайдан алынган насыянын үстөк пайызы 1,5-2%дан эсептелген.
Кыргызстандын коңшусу менен саясий алакасында бул карыздын таасири олуттуу мүнөзгө ээ. Кытай карызынын катаал шарттары тууралуу өкмөттө да, парламентте да кез-кези менен талкууланып турат.
Европага багыт алган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн дагы инвестициялык каражат Бээжинден алынары маалымдалган. Мындан тышкары, гидроэнергетикалык, тоо-кен жана соода-логистикалык долбоорлорго да Кытай компаниялары берешендик менен каражат жумшап келет.