Пакистанда шалга каршы эмдөө тобу минага кабылып, тогуз киши жараат алды

Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү. Пакистан, архив.

Пакистанда балдарды шал оорусуна каршы эмдеген медиктерди коштоп жүргөн машине минага кабылганда алты полиция кызматкери жараат алды. “Машаал” радиосу расмий адамдарга шилтеме менен окуя 9-сентябрда өлкөнүн түндүк-батышында болгонун кабарлады. Уруулар байырлаган Түштүк Вазиристандын Вана шаарындагы полиция жетекчиси жарылуудан 9 киши жараат алганын, үчөө карапайым тургундар, бири бала, калгандары тартип коргоочулар экенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү Пакистанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Анын жүрүшүндө 5 жашка чейинки 3 миллиондой баланы вакцинациядан өткөрүү каралууда. Пакистан бул жугуштуу оору жоюла элек дүйнөдөгү эки өлкөнүн бири.

Ооганстанда талибдер эмдөө менен алектенген топторду бутага алып келчү. 2021-жылы бийликке кайтып келген “Талибан” кыймылы илдетти түп тамыры менен жок кылуу үчүн БУУ менен иштешерин билдирген.

Быйыл Пакистанда полиомиелитке кабылган наристелердин саны көбөйүп, 17 учур катталды. Белучистан аймагында 3 бала чарчап калды.

Премьер-министр Шехбаз Шариф өкмөт ооруну жоюу үчүн провинциялардын бийликтери менен биргелешип чара көрөрүн билдирген.

Балдарды шал оорусунан коргогон дары-дармек жок, бирок жайылуусун эмдөө аркылуу алдын алса болот. Аны жоюу боюнча эл аралык деңгээлдеги аракеттер жемиштүү болуп келгени менен Ооганстан менен Пакистан вирустан дагы деле арыла элек.

Дагы караңыз

Ашынган оңчулдардын аракети. Болгария Орусиянын жолоюна түшөбү? Ош: Таза суу көйгөйү, менчикке өтүп кеткен кудуктар "Өмүрүн өнөргө арнаган". Бекбосун Жайчыбеков акыркы жайга узады "Биз "Манасты" сактап бердик, калган тагдыры кийинкилерде"