Президенттин пресс-катчысы дин маселесинде чагымчылдык кылбоого чакырды

Аскат Алагозов.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дин маселеси тууралуу бурмаланган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды. Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды. Алагөзов Фейсбук колдонуучу Эртай Исаковдун дин чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзам долбоору боюнча сурамжылоосун бөлүшүп, жооп кылган постунда "бул сыяктуу чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керектигин" жазды.

"Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете.
Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес", - деп жазды Алагөзов.


Президенттин пресс-катчысы ошондой эле аталган мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап, өздөрүнүн сунуштарын берип жатышканын кошумчалап, коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырган.

Көп өтпөй Эртай Исаков постун өчүргөнү маалым болду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын билдирген. Бул долдоор коомдо кызуу талкууланып жатат.

5-сентябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды берүүгө чакырганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.(ZKo)

Дагы караңыз

Кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаран чек арадан кармалдыМамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилдиЖарандык коом "Чет элдик өкүл" мыйзамын кайра кароого чакырууда Орусияда мигранттардын балдарына бекер билим берүүгө тыюу салуу сунушталуудаӨзбекстандын мамлекеттик карызы 37 млрд доллардан ашты