Өзбекстандын мамлекеттик карызы 37 млрд доллардан ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы алты айда 2,1 миллиард долларга көбөйүп, жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашты. Насыя негизинен мамлекеттик бюджетти колдоо максатында алынган.

Бул тууралуу Өзбекстандын вице-премьер-министри – экономика жана каржы министри Жамшид Кучкаров билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, январь-июнь айларында Өзбекстандын атынан жана өкмөттүн кепилдиги менен тышкы карыз алуу боюнча 2,8 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлган. Мындан тышкары мамлекеттик бюджетти колдоо жана быйылкы жылы төлөнүүчү эл аралык облигацияларды каржылоо максатында дүйнөлүк каржы рыногуна 1,5 миллиард долларлык суверендүү облигациялар чыгарылган.

Мамлекеттик карыздын өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата катышы 34,4 пайыздан 33,2 пайызга төмөндөдү. Кучкаров Эл аралык валюта корунун отчетуна ылайык, учурда республиканын мамлекеттик карызы орточо деңгээлде экенин айтты.

2017-жылы Өзбекстандын мамлекеттик карыз 11,5 миллиард долларды түзгөн.

Өлкөнү 2016-жылдын аягынан бери презилент Шавкат Мирзиёев башкарып келе жатат.

Дагы караңыз

АКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган? Украинанын бир катар аймактары аткыландыЖакынкы Чыгыш: Батыш жээктеги атышуу, Израилдеги митинг Пакистан: Кыздарды окуткан жалгыз мугалим Ашынган оңчулдардын аракети. Болгария Орусиянын жолоюна түшөбү?