Бишкек “Талибан” кыймылын "кара тизмеден" чыгарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. "Талибан" Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.