Илимпоз «Азаттыкка» курган сыябан маегинде манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин кагазга түшүрүлгөн «Манасын» изилдеп элге жеткирүүнүн түйшүгү, аргасыз жактаган пайдасыз илимий иши, эпосту муундан муунга жеткирүүнүн жоопкерчилиги тууралуу ойлору менен бөлүштү.
- Айнек эже, «Манасты» кайсы жылдан тарта изилдей баштадыңыз?
-Мен университеттин бешинчи курсунда окуп жүргөн кезде Сагынбайдын вариантындагы «Манаска» динчил, панисламисттик көз карашта деген доомат коюлуп, катуу талаш-тартыш жүрдү. Агезде «Манас » Москвадан орус тилинде чыгып келген. Москвадан келген окумуштуулар ошого таянып, «Манаска» каршы чыгышты. Мухтар Ауэзов баштаган казактар кыргыздарды колдошту. Акырында Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев баштап талашып отурушуп, «Манас» - элдик чыгарма» деген тыянакка келишкен. Аңгыча 1969-жылы Улуттук илимдер академиясында «Манас» сектору түзүлүп калды. Ага жарыяланган сынактан беш киши өттүк да, кичи илимий кызматкер болуп орноштук. Анын үстүнө мен бешинчи курсту бүтүп жатканда мугалимдер дипломдук ишиме «Манас» эпосунун элдүүлүгү» деген теманы беришкен. Ошондон тарта эле эпоско жакындай баштагам. Ошентип, конкурстан өткөн беш киши «Манаска» илиндик да калдык. Бир кирдиң андан чыга албай эле көмүлүп каласың да. Бизге чейин Раиса Кыдырбаева эже, Эсенаалы Абдылдаев иштечү экен. Биз «Манаска» кирген экинчи муун болуп калдык.
- Ошол жаңы уюшулган «Манас» секторунун милдеттери эмнеде болгон?
- Эпосту илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, китеп чыгаруу, элге жеткирүү болчу. Анткени, Сагынбай менен Саякбай элдин арасына барып күпүлдөп айтып кете бергени болбосо көпчүлүккө жеткен эмес. Китептин Москвадан эле чыкканы бар. Сектор башчыбыз - Самар Мусаев. Мурда мага университетте сабак берчү. Өзү токтоо, кыргызчылыкты карманган киши эле. Адегенде бизге Сагынбайдын, Саякбайдын варианттары боюнча кол жазмалар менен таанышып, окуп чыгууга бир жыл убакыт берди. Андан кийин ар эки жылда бирден тема алып жүрүп отурдук. Жыйынтыгында бирден китеп чыгарабыз. Раиса Кыдырбаева эже орусчасын, биз кыргызчасын жазабыз.
- Сиз өңчөй Саякбай Каралаевдин вариантынын үстүндө иштептирсиз да.
- Ооба, ошол мезгилде жалаң эле Сагынбайдын варианты айтылып, Саякбайдыкы тууралуу сөз болчу эмес. Ишке киргенден баштап эле «эмне үчүн Саякбайдын варианты жөнүндө сөз жок, «Семетей», «Сейтеги» такыр эле каралбайт турбайбы. Анын варианттарын мен жазып чыгайын» деген ойдо болдум. Ошентип, башында эле Саякбайды мен, Сагынбайды Самар Мусаев мээлеп калганбыз. Мен ал кезде Кубанычбек Маликов боюнча диссертация жазуу милдетим бар болчу. Бирок, ал кишинин бир да чыгармасын окубаптырмын. Жактырчу эмесмин.
-Анда эмнеге тандап алдыңыз эле?
- Жазуучулар боюнча темаларды башкалар тандап кетишиптир да. Байдылда Маленов деген агай «Кубанычбек Маликов бир диссертацияга жарайт, ала бер» деп берип койгон. Такыр көңүлүм чаппай койду. Аспирантуранын курсуна да барган жокмун. «Манаска» кирип алгам да. Анан күйөөгө тийдим, төрөдүм. Анан «Семетей», «Сейтек» боюнча илимий иш жазып отуруп алдым. «Семетей» «Манаска» караганда узун дагы.
Дагы караңыз "Манасты" таанытуу керек, бирок...- Эмне үчүн?
- Анткени, Сакең «Манастагы» окуяларды «Семетейге» кайра кошуп, кийинки муунга чечмелеп айтып берип турган да. Мисалы, Тайтору кайдан келгенин, Каныкей кандай алакеттен өткөнүн, ушу күнгө кантип жеткенин башынан баяндап жүрүп отурат. Бир жагынан сюжетти сактап калганы пайдалуу, күпүлдөтүп айтканда кулакка угумдуу, бирок, сюжеттин көбөйүп кетиши окурманга оорураак болот экен.
Ошентип, бирок, баары бир кийин Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы боюнча илимий иш жакташка туура келди. Мойнумда карыз болуп калды да. Диссертациям Москвадан бекип келди. Андан ары уланган деле, пайдасы тийген деле жок. Ал кезде кыргызча жазып, орусча которуп, Москвага жиберчүбүз. Союздук республикалардын бардыгынан чогулган иштерди ВАК (Жогорку аттестациялык комиссия - ред.) эки-үч айда бекитип жиберчү.
"Жусуп Мамай Кытайда кыргыздын чыгаан манасчыларынан артык сый көрдү"
- Жалпы эле «Манасты» изилдөө иши кандай башталган?
- Биздин милдетибиз отузунчу жылдарда кагазга түшүрүлгөн оригиналдарды изилдеп, бир тамгасын өзгөртпөй чыгаруу, элге берүү болчу. Ал үчүн тектеш тилдердин сөздүктөрүнүн бардыгын топтоп алдык. Байыркы түрк сөздүгүн да пайдаландык. Түшүнбөгөн сөздөрдүн бардыгын ошолордон издедик.
Сагынбай Орозбаковдуку араб арибинде жазылган. Аны Самар Мусаев окуду. Саякбайдыкын отузунчу жылдары Раиса Кыдырбаеванын атасынын карындашы Кырман Кыдырбаева латын арибинде жазыптыр. Графикасы немис тамгаларына окшош болгон үчүн аны биз окуй алдык. «Сейтекти» ал эже кол менен жазып, анан аны кайра машинкага түшүрүптүр. Илгери сабаттуу кишилерге жаздыра беришкен. Айтып атканда жазыш кыйын да, аны кайра-кайра айттырып жазып, анан аны кайра машинкага түшүрүп турушкан. Эми бул ошол кездеги адамдардын патриоттуулугу да. Жарак-жабдыгы жок, ал эмес сыясы жок, карагатты эзип алып жазышкан. Кээ бири карандаш, сыя карандаш менен жазылган. Кагаз жок, ар кыл колго тийгенине жазышкан. Узун-узун кагаздарга жазылгандар бар. Сапаты тууралуу айтуу кыйын эле. Биздин колго тийгенде өчөйүн-өчөйүн деп калган экен. Ошондой жагдайда жалпыбыздын милдетибиз кагазга түшүрүлгөндөрдү сактап калуу, элге жеткирүү эле. Ошону иштедик. Иштеп отуруп, чыпчыргасын коротпой, түшүндүрмөсү менен академиялык китеп чыгардык. Кийин төрт томдук болуп толук чыкты.
- Ошондо сиз колуңузга алган Саякбайдын вариантынын кагазга түшүрүлгөнүнүн бардыгы чыктыбы?
- Колдогунун барыгы чыкты. Китепке кол жазманын сүрөттөрүн да түшүрдүк.
- Сиздин баамыңызда «Манасты» айтууда түпкү нускасы бүгүн сакталып атабы?
- Айта албайм. «Манасты» таратуунун жолу деп, Кытайдын тажрыйбасын пайдаланып, миң балага айттырабыз деп эмне болушту. «Манасты» Назаркул Сейдракманов жакшы айтчу эле. «Манас» айткан кишинин келбети, үнү дал келсе жеткиликтүү болот. Азыркыларда өз заманына жараша артисттик өнөр күчтүүрөөк.
- Жусуп Мамайдын «Манасы» менен таанышып чыктыңызбы?
- Беш бетин окуп эле андан ары уланта алган жокмун. Уйкаштыгы, көркөмдүгү жагынан биздин манасчыларга жетпейт. Сагынбай менен Саякбайдын варианттарынын көркөмдүк жагы кыйла жогору турат. Чоң манасчыларды көрүп калгандар да. Жусуп Мамай деле агасынан үйрөнүп алып кийин манасчы болгон. Таланты бар экен, сюжет боюнча уйкаштыктарды кошуп жаттап отуруп вариант жараткан да. Кытайлыктардын да жакшы жери анын «Манасын» жогору баалашып, көтөрмөлөштү. Бул жактагы манасчылардан артык сый көрдү.
- Жайсаңчы Бүбү Мариям сыяктуулар да чыгып, чоң талаштарга түштү, соттошуулар жүрдү. Сиздин көз караш кандай?
- Ал эми жомокчу да, өзүнүн фантазиясы, кичине «чымыны» бар. Жөнөкөй адамдарга кызыктуу болсо керек, Манастын сүрөттөрүн кошуп чыгарып атпайбы, көзү менен көрөт имиш. Бирок, бул кадимки «Манасты» бузуп атат да. Биз билген, биз көнгөн «Манасты» ар ким бурмалап айта берсе болобу деген суроо жаралып атпайбы.
- Бурмалабай, «Манасты» «Манас» бойдон сактап калыш үчүн кандайдыр бир аракеттер керекпи?
- Ошо кылымдардан келаткан түп нусканы кастарлап сактап калыш керек. Азыр эми таланттуу адамдар көп. Кеңейтип, тереңдетип айтууга акысы бар. Аны изилдеп оң-солун айтып тууралап турууга азыркы илимпоздордун акысы бар. Мисалы, бизден кийин деле академияда манас изилдөөчүлөр иштеп атпайбы. «Манасты» «Манас» кылып кармап туруш ошолордун милдети. Ар кимге чанжыратып карматып ийгенге болбойт. Илгертен айта келген манасчылардын негизги сюжети бирөө эле. Манас төрөлөт, баатырдык жасайт, өлөт. Бирок, аны ар бири деңгээлине жараша негизги нукту сактоо менен көркөмдөп айтып жүрүп отурат. Ошентип муундан муунга өтүп келатат. Эми азыр компьютерге салып, санариптештирип атышат. Бирок, анын «Манаска» зыяны тийбегидей болушу керек.
- Кооптуулук бар дейсизби?
- Ошондой ойдомун. Бизчелик булар күйбөйт го.
- Ошондой муунду тарбиялаш керек дейсизби?
- Жогорку окуу жайлардагы филология факультеттери эмне кылып атат? «Манас», Чынгыз Айтматов деген академия, Тил комиссиясы эмне кылып атканын билбейм. «Манастын» тилин, байыркылыгын билип, кийинки муундарга жеткирип туруш керек. Менимче, биз «Манасты» сактап бердик, мотивинен бери нотага салып китепке киргиздик. Ар бир сөзгө, баатырлардын тулпарларына чейин түшүндүрмө бердик, чыпчыргасын коротпой. Элдин алдына койдук. Бирок, аны сактап, кайра китеп кылып чыгарып, элге таратуу кийинкилердин колунда.
"Өкүнгөн жокмун, бирок ыза болдум"
- Сиз өзүңүз чарчадыңызбы? Өмүрүңүздү «Манасты» изилдөөгө арнаганыңызга өкүнбөйсүзбу?
- Өкүнбөйм деле. Бирок ушунча убактымды кетиргениме таң калам. Отузунчу жылдары, Сталиндин заманында отуруп иштеп кеткен илимпоздун столуна Кырбашевден кийин үчүнчү болуп мен отурдум. Дагы эле турса керек. Ошол столдо 40 жыл жайы-кышы үшүп-шишип отуруп иштедим. Эл кетсе да мен кеткенге абийирим жол берчү эмес. Көгөрүп отуруп иштей берер элем. Самар Мусаев мага «Айнек, кетсеңчи үйүңө» деп бир жолу да айткан жок.
Анан иштен эмне үчүн кетип калдым? Азыр жаңы президент иштеп атат го, сегиз саат иштеш керек деген жаңы тартип киргизди. Жаш окумуштууга каттоо жүргүздүрүп коюптур, мени тартиби жоктой кылып бир-эки жолу кечикти деп каттаптыр. Келбей койсом кутуламбы дедим да, арыз жазып, кетип калдым.
- Ичиңиз ачыштыбы?
- Жок. Жадап кеттим. Алыс жашайм. Автобусту күнүгө кеминде 40 мүнөт күтөм. Кичи автобус жыкжыйма. Кышкысын бир жолу ага чуркап баратып жыгылып калдым. Студент балдар тургузушту. Этим ооруган жок, бирок, кенедей айлыкка эмнеге куурап жүрөм ушинтип деп, ыза болдум аябай. Бирок, мен жакшы адамдар менен иштештим. Түшүмө да киришет алар. Бир ирет түшүмдө Эсеке «Манасты» жазып атам» деп кирди. Мен болсо «тиги дүйнөдө да «Манасты» жазып аткан турбайбы деп коем. Ушундай. Азыр ошол кесиптештерден Рая эже экөөбүз калдык. Ал 94 жашка чыкты.
- Сиз 84 жашка келдиңиз. Карылык кандай экен?
- Карылыкка жеткен да, жетпеген да бар. Бирок, кыйын эле болот экен. Организм карыйт экен, 80-90 жыл тынбай иштеп жаткан организмге деле таарыныч жок да. Үнүң да карыйт экен. Менин үнүмдү байкап атасыңбы?
Менин 92 жашка чыккан байкем энем жөнүндө сөз болгондо кадимкидей муунуп, жашып кетчү. Анан күлчүмүн, өзү 92ге чыгып алып, энесин эмне кылат эми деп.
- Сиз ойлойсузбу азыр энеңизди?
- Энем өлгөндө 15 жыл тынбай ыйлап жүрдүм. «Эмне үчүн менин энем өлөт, эмнесин туура эмес кылдык?» деп, такыр өлүмүн кабыл ала албай койдум. Бир жолу агаларымдын бири: «Акубай, сен эмне эле айылга ыйлап келип, ыйлап кетесиң?» деди. Буларга жакпайт турбайбы деп, ошондон кийин тыйылдым.
Энем байкушту 17 жашында алган күйөөсү Анжиянга мал айдап кеткен бойдон кайтпай калып, аялы төрөбөгөн кайын агасына баш байламак болушат. 21 жашында төркүнүнө качып келсе өзүнөн 25 жаш улуу, аялы өлүп калган беш балалуу кишиге алып берип коюшкан экен. Беш баланын үстүнө дагы үч бала төрөгөндөн кийин күйөөсү өлүп калыптыр. Андан кийин туугандары агаңдын балдарын кошо бак деп, беш баласы, аялы бар менин атама баш байлап коюптур. Атамдан дагы үч бала төрөптүр. Ошол азаптары аз келгенсип, атамды кулакка тартып, анан энемдин төркүндөрүнө барып, там салып жан багышыптыр. Үч жаштагы, беш жаштагы эки баласы бир жуманын ичинде өлүптүр. Жугуштуу оору болсо керек, ал кезде кайдагы догдур? Далай бала боюнан түшүптүр. Ылай тебелеп жүрсө кайдан төрөйт? Энемдин көзү чүңүрөйүп турчу. Сурап калсак «ыйлап жүрүп соолуп калган да» деп койчу эле. Энем өтө кайраттуу аял болчу. Кан басымы жогору экен, биз аны билбептирбиз да. Эртең менен мал айдасам, абага чыкканда тарап кетет дечү. Азыр деле эстегенде ыйлагым келип кетет.
-Агаңыздын ыйлаганын түшүнгөн турбайсызбы?
- Ооба. Анда 64 жашта экен энем. Менин күйөөм 60 жашка чыкканда каза болду. Жаш кетишиптир да. Өзүң өйдөлөмөйүнчө жаштын баркын билбейт турбайсыңбы.
- Сизге рахмат. Ден соолукта болуңуз.
- Сен да менин жашыма жет.