Орус армиясынын соккусунан Украинада беш киши жабыркап, кампада өрт тутанды

Орус армиясынын Львов облусуна жасаган аба чабуулунан улам тутанган өрт. 6-сентябрь, 2024-жыл.

Орус армиясынын учкучсуз аппараттар жана ракеталар менен Украинанын аймактарына жасаган аба соккуларынан кеминде беш киши жараат алганын расмий Киев 6-сентябрда билдирди.

Таратылган маалыматка караганда, жумага караган түнү орус армиясынын 44 дронунун 27си атып түшүрүлгөн.

6-сентябрдын таңында урулган ракеталык соккудан өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда карапайым тургундар жашаган турак-жай жабыркап, үч киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

Андан тышкары Днепропетровск облусунун администрациясы билдиргендей, түнкү чабуулдардан эки киши жараат алып, кеминде 12 үй талкаланды.

Украинанын чыгышындагы Львов шаарында абадан атып түшүрүлгөн "Шахед" дронунун сыныгы кампадагы өрттүн тутанышына түрткү болду. Төрт транспорттук каражат жабыркаганын аймак жетекчилиги билдирди.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, Орусиянын бийлиги Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерге сокку урарын билдирип келет.

Орусиянын РИА Новости агенттиги өз булактарына таянып, аба сокку "украин армиясына Польшадан курал-жабдык жана техника алып келген Львовдагу кампаларга" урулганын жазды.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Эрдогандын ысымы берилдиЗеленский Германиянын канцлери Шольц менен Берлинде жолугат