Францияда 51 күндөн кийин жаңы өкмөт башчы дайындалды

Мишел Барнье. Брюссель, 17-октябрь 2019-жыл. Архив

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 73 жаштагы оңчул саясатчы, мурдагы тышкы иштер министри Мишел Барньени өкмөт башчылыкка дайындады. 51 күндөн бери өлкөнү убактылуу өкмөт жетектеп келди.

Le Figaro жазганына караганда, ал француз жумуриятынын азыркы тарыхында эң улгайган премьер болуп калды. Барнье бул кызматта эң жаш өкмөт башчы, 35 жаштагы Габриэл Атталды алмаштырды.

Жаңы премьер тажрыйбалуу, дасыккан саясатчы. Парламент депутаты, төрт жолу министр (тышкы иштер, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, Европа иштери боюнча министр), эки жолу Евробиримдиктин комиссары болгон, шаркеттин Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрүн жетектеген.

Эми Барнье жаңы кабинет түзүүгө тийиш. Францияда премьерди президент дайындайт. Июндагы парламенттик шайлоодо башкаруудагы партия үчүнчү орунду алган, бирок Макрон марага биринчи болуп келген солчулдардын «Жаңы улуттук фронт» коалициясына өкмөт куроону тапшыруудан баш тартты. Мамлекет башчы андай болсо, улуттук институттардын стабилдүүлүгүнө коркунуч жараларын айткан.

Президент акыркы жумаларда парламенттеги партиялардын өкүлдөрү менен консультация жүргүзүп келди.

Le Figaro Барньенин талапкерлиги оппозициялык депутаттардын ишеним көрсөтпөө вотумун алдын алуу үчүн тандалганын жазышууда.

Дагы караңыз

Акаев "экс-президент" макамын сурап парламентке кат жазды, Жапаров пикирин билдирди Масалиевдин Орусияга жардам берүү сунушу сынга кабылдыТИМ кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды