Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. Акаевдин Жогорку Кеңешке кайрылышына байланыштуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирди. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.
Акаевдин каты жана жүйөсү
Мурдагы президент Аскар Акаевдин каты парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине 5-сентябрда келип түшкөн. Анын төрайымы Чолпон Султанбекова парламенттеги фракциялар менен кеңешип, андан кийин комиссия түзүлүшү мүмкүн экени айтып жатат.
"Бул эми аябай чоң саясий маселе. Бир күндө бүтүп кала турган процесс эмес. Ал кайрылууда депутаттык комиссия түзүп, ошол жерде карап чыгуу боюнча маселе коюптур. Кайрылуу үч пунктан экен. Бул кайрылууну Жогорку Кеңештеги бардык фракцияларга берем. Алар дагы карап чыгышат. Ошон үчүн азыр консультацияларды жүргүзөбүз. Эгер түзүлүш керек болсо, анда комиссия түзөлөт. Кандай чечим чыгары экинчи маселе. Бул маселенин экинчи жагы да бар. Алар муну караштын кажети жок деген чечимге келиши да мүмкүн", - деди Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекованын айтымында, Аскар Акаев кайрылуусунда бийликти өз эрки менен өткөрүп бергенин, андыктан экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонуна кенен токтолгон.
Аскар Акаев 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылып, Москвага качып кеткен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Акаев менен курамына Жогорку Кеңештин 5 депутаты кирген парламенттик комиссия сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондон кийин Акаев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Арызды кийин Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Ал эми Акаев экс-президент макамынан 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен ажыратылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Садыр Жапаров: Бул маселе боюнча кеңешкен эмеспиз
Мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылышына байланыштуу президент Садыр Жапаров пикирин билдирди. Анын 5-сентябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде айтканына караганда, Акаев бул боюнча кеңешкен эмес.
Ал Аскар Акаевди “Кумтөр” маселеси боюнча суракка келгенде эки жолу, андан кийин Дубайда өткөн мурдагы президенттердин жолугушуусунда бир ирет көргөнүн, андан кийин байланышпаганын айтты.
Садыр Жапаров ар бир жаран өз укуктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу экенин белгилеп, экс-президент макамын берүү же алуу Жогорку Кеңештин ыйгарымындагы иш экенин билдирген:
“Ал Жогорку Кенештин өзүнүн иши. Экс макамын береби жокпу, ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу. Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын. Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети”.
Ошондой эле, мамлекет башчы Бакиев жана Атамбаевдин иштерин жана жагдайларын Акаевдикине салыштырып, алардыкы окшош эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусунда адамдардын өлүмү менен коштолгон окуялар болгондуктан, аларга экс-президент макамын берүү туура эмес болуп калышы мүмкүн.
“Эми менин пикирим боюнча Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат. Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес. Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек. Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм. Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да”, - деди Садыр Жапаров.
Анын оюнча, 80 жаштагы Акаевдин өтүнүчү экс-президент макамына байланган пенсия, күзөт жана башка кызыкчылыктан эмес, тарыхта экс-президент болуп калуу ниетинен улам келип чыккан болушу мүмкүн.
Депутаттар эмне дейт?
Азырынча Аскар Акаевдин депуттарга жазган кайрылуусу толук ачыктала элек. Анын мазмуну менен саналуу депутаттар эле таанышыптыр. Регламент боюнча, анын кайрылуусу алгач тиешелүү комитетте каралат. Бирок макамга байланыштуу чечимди жалпы парламент кабыл алышы керек.
Жогорку Кеңештин депутаты, Акаевдин кайрылуусу келип түшкөн комитеттин мүчөсү Жанарбек Акаев мындай деди:
"Мен кайрылуунун маанисин уктум. Ал киши "ошол маалда жаңы келген бийлик макамымды мыйзамсыз ажыраткан" деп жазганын айтышты. Эмки жума комитеттин кароосуна чыгат болушу керек. Бирок мен буга каршымын. Албетте Аскар Акаевдин деле айрым жакшы жактары бар. Борбор Азия өлкөлөрүндө салыштармалуу демократиялуу өлкөнү түптөй алдык. Бирок анын кемчиликтери да көп. Өзүнүн уулун, кызын парламентке депутат кылып отургузду. Аялынын Кыргызстанды башкаруудагы ролу аңыз кеп болуп айтылып жүрөт. Ошон үчүн ага экс-президент макамын кайтарып бергенибиз туура эмес. Жогорку Кеңештин абройуна дагы көлөкө түшүрөт".
Азырынча Аскар Акаевдин каты качан карала турганы белгисиз. Бирок анын кайрылуусу келип түшкөн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйыны 10-сентябрда өтүшү керек. Депутат Эрулан Көкүлов болсо буларды айтты:
"Кыргызстандыктар кечиримдүү келишет. Мен деле кечирип жатам. Бирок ар бир адам кылган иштерине жооп бериши керек. Акаев президент болуп турганда Кыргызстандын келечегине салым кошконго мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок аны колдонгон жок. Акаев тарыхта атын оңдоп кетүүнү максат кылып жатат окшойт".
Акаев качып кеткенден кийин 2021-жылы Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр кени боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
Депутат Нурбек Алимбеков Акаевдин туңгуч президент болгонун эске алып, анын макамын кайтарып берсе болорун айтып жатат.
"Акаев буга чейин да Кыргызстанга келип кетти. Демек ага жеңилдик берилди окшойт. Баары бир биздин туңгуч президентибиз. Жеке оюм боюнча, макулдук берилсе болот деп ойлойм. Албетте анын учурунда үй-бүлөлүк башкаруу болгон, коррупция гүлдөгөн. Ошон үчүн революция болду. Эми кыргыз элибиз кечиримдүү, айкөл элбиз да. УКМКга келип кетпеди беле. Ал жерден балким кечирим сурагандыр, көп нерсени мойнуна алгандыр".
2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени тууралуу айтып, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун белгилеген.
Экс-президент макамдын айланасындагы талаш
Экс-президент макамын алган киши кол тийбестикке ээ болот, мамлекеттик кайтарууга алынат, кызматтык унаа берилет, үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт, бул макамды алган кишиге мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Буга кошумча дагы бир катар артыкчылыктары бар.
Азыркы учурда Аскар Акаевге Кыргызстанга келип кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Бирок ал Орусияда туруктуу жашап келет. Мурдагы президент быйыл 80 жашка чыгат. Анын тарапташтарынын бири, Акаевдин учурунда бир нече жогорку кызматтарда иштеген Бекболот Талгарбеков мындай дейт:
"Аскар Акаевдин экс-президент макамын парламент же болбосо президент алган эмес да. Аны Убактылуу өкмөт декрет менен алган. Алардын декрети толугу менен мыйзамсыз да. Эгер Жогорку Кеңеш бейтараптуу карай турган болсо, анда Акаевдин макамын кайтарып берерине ишенип турам. Акаевди кыргыз эли колдоорун көрдүк да".
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан 2020-жылга чейин өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылы, Алмазбек Атамбаев болсо 2019-жылы ажыратылган. Булардын ичинен Бакиев сыртынан узак жылга соттолгон. Быйыл Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясында каза болгондордун жакындарына тигүү цехин куруп баштап, ал коомдо кун төлөө катары сыпатталган.
Ушундан улам коомчулукта Бакиев маселеси көтөрүлүшү мүмкүн экени да айтылып келет. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Акаевдин соңку кайрылуусу ар кандай кептерге жем таштай турганын айтып жатат.
"Бакиев "өзүңөр келип жатасыңар, мен келейин деген оюм жок, бирок силерге кун, акча төлөп берейин, иштегенге мүмкүнчүлүк берейин" деп жатпайбы. Ушинтип эле башталат", - деди Орозбек Молдалиев.
2005-жылы 24-мартта Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин бийлиги кулаган. Оппозиция өлкөнү 15 жыл башкарган Акаевди үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык башкарууга жол берди деп айыпташкан. Анын бийлиги учурунда кандуу Аксы окуясы болуп, алты киши курман болгон.