Аскар Акаевге экс-президент макамы кайтарылышы керекпи?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени белгилүү болду. Бул маселе келерки аптада тиешелүү комитетте каралып, андан соң депутаттык комиссия да түзүлүшү мүмкүн.

Аскар Акаев парламентке жолдогон катында ал экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйөө келтирген. “Азаттык” бул маселе боюнча айрым депутаттардын пикирин укту.