Львовдо аба чабуулдан үч бала мүрт кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын армиясынын Львов шаарына жасаган соккусунан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 4-сентябрда калаа борборундагы турак жайларга “Кинжал” ракеталары менен сокку урулган. Ал эми шейшембиде Полтавага жасалган аба чабуулдан мерт кеткендердин саны 50дөн ашты. Облуста үч күндүк Аза күтүү жарыяланган.