Британиялык рок-тобу "Яндекс" демөөрчү болгон Алматыдагы фестивалга катышпайт

Британиялык Placebo рок-тобу Алматыдагы фестивалга катышпай турганын билдирди. 8-сентябрда өтө турган Park Live деген иш-чаранын негизги демөөрчүсү орусиялык “Яндекс” компаниясы. Топ Инстаграмга жазгандай, алар “уюштуруу иштерине байланышпаган башка олуттуу кыйыр себептерден улам” концертке катышуудан баш тартты.

Ага чейин социалдык тармактардын колдонуучулары музыканттарды Украинадагы согуштун фонунда орусиялык компания спонсорлук кылган фестивалга катышуусун, "Яндекс" менен "кызматташууда" деп сындаган.

Placebo тобунун Грузиядагы 12-сентябрга белгиленген концерти да болбой калды.

«Биз Казакстандагы жана Грузиядагы ышкыбоздорубуздан ушундай чукул арада иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Өзгөчө бизди көрүү үчүн алыстан келебиз деп пландагандардан кечирим сурайбыз. Эки өлкөгө тең келечекте кайтып барабыз деп ишенебиз”, - деп жазышты Брайан Молко жана Стефан Олсдала.

Park Live фестивалынын уюштуруучулары Placebo тобунун ордуна британиялык The Kooks келерин билдирди.

Сөз болгон иш-чара 2013-2019-жылдары Москвада өткөрүлчү. Ага ар кайсы жылдары белгилүү топтор катышкан. Быйыл уюштуруучулар фестиваль 6-8-сентябрь күндөрү Алматыда өтөрүн билдиришкен.

Дагы караңыз

Львовго урулган соккудан жети киши каза тапты, 40тан ашыгы жабыркадыКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Кытайга кирген үчүнчү жол. "Бедел" ачылды