AI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырды

Бахруз Самедов

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Азербайжанда өткөн шайлоо алдындагы бийликтин сынчылардын кармоо толкуну "тынчсыздануу" жаратканын билдирип, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан саясат талдоочу Бахруз Самедовду камактан бошотууга чакырды.

"Журналисттерди жана активисттерди куугунтуктоо - бул башкача ойлонгондорду жана сөз эркиндигин, өзгөчө Армения менен тынчтык келишим түзүүнү колдогондорду басуу аракети. Өкмөттү сындагандарга каршы багытталган жаңы камоолорго жана кармоолорго көз жумбаш керек", - деген Түштүк Кавказ боюнча уюмдун изилдөөчүсү Наталья Нозадзе.

Активист, Чехиянын борбору Прагадагы Карлов университетинин докторанты Самедов өткөн айда "Азербайжандын Тоолуу Карабак боюнча саясатын сындаган макалалары үчүн жана армян активисттери менен байланышканы үчүн" мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип төрт айга камакка алынды. Ал өзү бул дооматтарды четке кагып келет.

Самедов Бакунун 2023-жылдагы Тоолуу Карабактагы аскердик операциясын сынга алган. Ал операциянын жыйынтыгында 30 жылдан ашуун талаштуу болуп келген аймакка көзөмөл орноткон.

1-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо президент Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы 125 орундун 68ин алган. Добуш берүүчүлөрдүн 37% гана катышкан шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнү кабарланды.

Дагы караңыз

Депутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыЖКнын эки комитети Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдодуНетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурады