Өзбекстанда Эгемендик күнүнө карата 500дөн ашык кишиге ырайым кылынды

Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда абакта отурган жүздөгөн кишиге өлкөнүн 1-сентябрда белгиленүүчү Эгемендик күнүнө карата ырайым берилгенин «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, 522 соттолгон кишиге ырайым кылынды.

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары 159 киши абактан толук, 303 киши шарттуу түрдө бошотулганын, 60 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылганын кабарлашты.

Ырайым кылынгандардын 19у чет элдик жаран, 56сы аял, 25и 60 жаштан жогорку курактагы эркек жана 233ү "жаш курактагылар", бири 18 жашка чыга элек жаран.

Ырайым алгандардын 27си камакта тыюу салынган топторго тиешеси бар деген негизде отургандар болчу.

Быйыл апрель айында Орозо айт майрамына карата Өзбекстанда абакта отурган 426 кишиге мунапыс жарыяланган. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Ачык сот өткөрүү талабы Израилде өкмөткө каршы акция жана иш таштоо уланууда"Арзан жана тез". Чет өлкөгө акча которуу түйшүгү криптовалютага суроо-талапты көбөйттүбү?Азербайжанда парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы утту