Израилде өкмөткө каршы акция жана иш таштоо уланууда

Израил.

Израилде ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтада кармап тургандардын дагы алтоонун сөөгү табылгандан кийин жекшембиде тутанган нааразылык акциялары дүйшөмбү, 2-сентябрда да уланууда.

Жекшембинин кечинде Израилде жалпысынан жарым миллиондой киши көчөгө чыкканын, алардын 300 миңдейи Тел-Авивде, дагы 200 миңге жакыны башка шаарларда чогулганын акциянын уюштуруучуларына таянып Times of Israel жазды.

"Убакыт жок, убакыт өтүп баратат. Биз өкмөттөн баарын токтотуп, келишим түзүүнү суранып жатабыз. Ошондой эле биз дүйнөнүн калган бөлүгүнөн, бардыгынан, ар бир өлкөдөн Израилди колдоону өтүнөбүз", - деди октябрь айынан бери ХАМАСтын барымтасында кармалып тургандардын биринин агасы Яир Кешет.

Демонстранттар өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишин, барымтада кармалып тургандарды бошотуш үчүн ХАМАС менен «тез арада» мунаса табууну талап кылып жатышат.

Митингчилер негизги жолдорду жаап жатышты, Тел-Авивдеги акцияда барымтадагылардын жакындарына сөз берилди. Полиция демонстранттарга каршы кулак тундуруучу граната, суу буркүүчү атайын машиналарды колдонду, күч кызматкерлери менен акциянын катышуучуларынын ортосунда кагылышуу натыйжасында бир нече киши жараат алганы кабарланды.

Полиция Тел-Авивде кеминде 30 киши, Иерусалимде дагы беш киши кармалганын маалымдады.

Кесиптик кошуундар федерациясы жалпы Израил боюнча 2-сентябрда иш таштоо болорун жарыялады, бирикменин башчысы Арнон Бар-Давид Израил бийлиги ХАМАС менен келишим кабыл албай жатышына саясий себеп бар деп эсептей турганын айтты.

Ошондой эле билдирүү жасаган израилдик оппозициянын лидери Яир Лапид "Барымтадагылар арасында тирүү отургандар дагы эле бар, келишим түзүү дагы да мүмкүн. Бирок Нетаньяху саясий себептен улам андайга барбай жатат", — деп айтканын The Jerusalem Post жазды.

Нетаньяху барымтадагыларды ХАМАСтын колунан бошотуу, сактап калуу ал үчүн дагы эле артыкчылыктуу иш экенин айтып келет.

Иш таштоо маалында Тел-Авивдеги Бен-Гурион аэропорту убактылуу иштебей турганы, айрым өкмөттүк мекемелер, ишканалар, мектептер жана бала бакчалар жабык болору маалымдалды. Иш таштоо мөөнөтүн 3-сентябрга чейин узартуу да каралууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

"Арзан жана тез". Чет өлкөгө акча которуу түйшүгү криптовалютага суроо-талапты көбөйттүбү?Азербайжанда парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы уттуКазакстанда АЭС боюнча референдум 6-октябрда өтөтКыргызстанда динге байланыштуу мыйзамды толук өзгөртүү сунушталды