Камчаткада тик учак кырсыгынан 22 адам каза болду

Ми-8 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Камчатка жарым аралында 31-августта жоголгон Ми-8 тик учагынын сыныктары 1-сентябрда табылганын, андагы 22 адамдын баары тең каза болгонун жазды.

Росавиация тик учак Вачкажец жанар тоосунун аймагынан Николаевка аймагына багыт алып баратканын, бирок Москва убактысы боюнча саат 07:15 чамасында экипаж менен байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Тик учактын сыныктары экипаж мүчөлөрү акыркы жолу байланышка чыккан жерден алыс эмес жактан табылган.

Маалыматка ылайык, тик учакта 19 турист жана үч экипаж мүчөсү бараткан. Каза болгондордун арасында Орусиянын футбол союзунун финансы директору Арсений Замятин жана анын жубайы да болгон.

Тик учак “Витязь-Аэро” авиакомпаниясыныкы экени такталды. Ишкана 15 жылдан бери жүргүнчүлөрдү жана туристтерди ташуу менен алектенет. Камчаткага жөө жана тик учак менен турларды уюштурат.

Бул окуя боюнча “Жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)

Дагы караңыз

“Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтү узартылдыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүИзраил Газада барымтада турган дагы алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылдыБишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алындыМилиция Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин билдирди