"Ынтымак Ордо" ачылды. Борбор Азиядагы президенттердин сарайлары

Ынтымак Ордо opening ceremony.

30-августта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы кеңсеси ачылды. Эки жыл салынган имарат түшкөн жер тилкеси, курулуштун долбоору, каржысы боюнча суроолор жаралып, коомчулукта талкуу дагы эле токтой элек. "Азаттык" чөлкөмдөгү коңшу өлкөлөрдүн президенттеринин сарайларына сереп салат.

Кыргызстан сыяктуу эле 1990-жылдардын башында эгемендикке ээ болуп, өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн Борбор Азия чөлкөмүндөгү коңшу республикаларда заңгыраган хансарайлар биринин артынан бири пайда болуп, алды кооздугу, масштабы боюнча дүйнөлүк рейтингдердин сап башына илинген. Иш кеңсесинен тышкары ар бир өлкөдө мамлекет башчылар үй-бүлөсү менен жашаган резиденциялар да бар.

“Ынтымак Ордо”

30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.

Ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу болот деп айтты.

"Президенттик Администрациянын имараты жаңы Кыргызстандын архитектуралык символу болуп, кубаттуу Кыргызстандын пайда болушунун негизги учурларын чагылдырып, олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат. “Ынтымак Ордо” – бул жөн гана административдик имарат эмес, бул биздин чечкиндүүлүгүбүздүн, биримдикке, гүлдөп-өнүгүүгө болгон эркибиздин далили. “Ынтымак Ордо” аталышы терең мааниге ээ. Бүткүл жамаат жана коомчулук өлкөнүн келечектеги тагдырын сүрөттөгөн так атоону издеп жатканда кызуу талкуулар болду. Кандай атасаң, жол ошондой болот, башы кандай башталса, жыйынтыгы да ошондой болот. Элдин, өлкөнүн бакубаттуулугу – биздин негизги максатыбыз. “Ынтымак” – “тынчтык, достук жана биримдик” дегенди билдирет, бул биздин негизги принципти – улутуна жана динине карабастан элдин биримдиги менен ынтымагын каммыздоону чагылдырат. Өз ара колдоо көрсөтүү, түшүнүшүү жана өз ара жардам болмоюнча албан милдеттерди чечип, максатка жетүү мүмкүн эмес. Ал эми “Ордо” – өлкөнүн келечек жолун аныктоочу стратегиялык маанидеги чечимдер жаралып, ишке ашырылуучу жери, борбору", - деди мамлекет башчы сөзүндө.

"Ынтымак Ордонун" ачылышы

Президент бийликке келген учурда өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү камсыздоо убадасын бергенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн бюджетти эки эсе көбөйтүп, жыл сайын 7 пайыздан кем эмес өнүгүү камсыз кылынганын билдирди.

Коопсуздук үчүн коңшу өлкөлөр менен чек ара такталып жатканын айткан мамлекет башчы Тажикстан менен чек араны аныктоо акыркы этапка келгенин жарыялады.

Жапаров коррупцияга каршы күрөштө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң экенин белгилеп, аны замандын баатыры деп атады.

Бишкекте президент, парламент жана өкмөт иштеп келген имараттардан бүгүнкү күнгө чейин экөө эле. Экөө тең совет мезгилинде курулган.

“Жетинчи кабат”. Бул сөз айкашы көптөгөн жылдар бою кыргыз саясатындагы маанилүү чечимдер кабыл алынуучу, таасир бөлүштүрүлүүчү борбор сыяктуу түшүнүккө айланып калган. Ар бир жаңы келген президент эл арасында Ак үй деп аталган бул имараттын жетинчи кабатындагы иш бөлмөнү ээлеп, өлкөнү башкарып келди.

Борбордук маанисин бул имарат 2020-жылдагы окуялардан кийин жоготту. Өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке өттү. Имаратты азыр Жогорку Кеңеш ээлеп турат. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келген күндөн тартып ишин Бишкектин Эски аянтындагы Өкмөт үйүндө жүргүзүп келди. Ал 30-августтагы жаңы имараттын ачылышындагы сөзүндө буларга токтолду:

Садыр Жапаров "Ынтымак Ордонун" ачылышында.

“Ынтымак Ордо” мамлекетибиз үчүн гана эмес, эл аралык да чоң мааниге ээ. Анын Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланыштарынын чыңдалышына салым кошо турган ыйык жерге айланарына ишенем. Бул жерде мамлекеттик жана улуттук маанидеги иш-чаралар, ошондой эле, өлкө жарандарынын жыргалчылыгына багытталган маселелер байма-бай талкууланат. Имаратыбызда башка мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана дипломаттар кабыл алынат. Алардын ар бири биздин өлкөнүн ишенимдүү түрдө өнүгүп, достук кызматташууга даярдыгын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экендигин көрө алышат. Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш гана болбостон, дүйнөлүк процесстердин активдүү катышуучусу болууга да даяр. Бул жерде Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына, башка мамлекеттер менен дипломатиялык жана экономикалык байланыштарыбызды чыңдоого салым кошо турган идеялар жаралат. “Ынтымак Ордо” Кыргызстандын кадыр-баркынын, улуттук сыймыгынын жана эгемендүүлүгүнүн символу болот", - деди Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо” мамлекеттик кайтаруудагы имарат болгондуктан тегерек чети тосулганын билдирди. Бирок ал жаӊы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айтты:

"Биз элден эч качан жашынбайбыз. Ошол үчүн 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот”.

Жаңы имараттын курулушу эки жыл мурда башталган жана пайдубалын түптөө салтанатына Садыр Жапаров өзү катышкан.

Куруучу компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган, кийин “Иншаат строй билдингге” 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев былтыр октябрда курулуштун жүрүшү тууралуу Фейсбук аркылуу маалымат берип, имараттын аянты 17 миң чарчы метр деп пландалса, кийин 39 миңге кеңейтилгени үчүн компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн.

2023-жылдын октябрында президент Жапаров имаратка расмий аталыш тандоого көмөктөшкүлө деп элге кайрылган эле. Талкуу жигердүү жүргөнүн айткан президент жалпысынан бир апта ичинде 108 сунуш түшкөнүн, натыйжада Ынтымак – Манас ордо деген вариант тандалганын жарыялаган.

Жаңы ордо мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулду. Совет мезгилинде салынган, баш калаанын архитектура эстелигине айланып калган уникалдуу имараттын сүрдүрүлүшү убагында кызуу талкуу жараткан эле. Сындагандар муну "тарыхый имаратты талкалоо" катары бааласа, колдогондор конок үйү "каралбай калганын" айтып, ордуна жаңы имарат тургузууну туура көрүшкөн.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, 1990-жылдары Кыргызстандын Курулуш жана архитектура министрлигин башкарган Ишенбай Кадырбеков "Ысык-Көл" мейманканасын бузууну "вандализм" деп сыпаттаган:

Ишенбай Кадырбеков

“Эгемен Кыргызстанга чейин курулган архитектуралык эстелик. Тарыхыбызды сакташыбыз керек. Тарых архитектура менен сакталат. Бүгүнкү күндө жакпай жатса 100 жылдан кийин эң баалуу архитектура болушу мүмкүн”.

Ал эми президенттин ошол кездеги маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Мейманкана Бишкектин тарыхый, маданий эстеликтер мурасынан чыгарылган. Анткени имарат көп жылдардан бери колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген", - деп билдирген.

"Бардык министрлер бир имаратта отурат"

Жаңы имараттын курулуп жаткан орду гана эмес, зарылчылыгы тууралуу да маселе көтөрүлгөн. Баарын сарамжалдыкка чакырган Жапаров өзү миллиондогон акчаны талап кылган курулуш долбоорун демилгелегени коомчулукта сын пикир жаратып, “хансарай” талкуусу башталган.

Бул маселеге 2022-жылы “Кабар” улуттук маалымат агенттиги да кайрылып, президентке “Жаңы Ак үйдүн зарылдыгы канчалык бар эле? Азыркы иштеп жаткан ордуңузда кала берсеңер болбойбу?” деген суроосун узаткан.

Садыр Жапаров өзүнүн жообунда “эл үчүн, келечек муун үчүн” кала турган имарат курулуп жатканын айткан. Ошондой эле ал "бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөрүн" айткан.

Бул көз карашын ал 30-августта да кайталады:

"Бул объектти бүтүрүү менен биздин иш бүтпөйт. Натыйжалуу башкаруу бардык мамлекеттик органдардын иши үчүн заманбап шарттарды талап кыларын түшүнөбүз. Ошондуктан бул долбоор биздин өлкөнүн административдик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу пландын башталышы гана экенин сыймыктануу менен билдиргим келет. Жакында жаңы административдик шаарчанын курулушу башталат, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бардык министрликтери жана ведомстволору бир жерге курулат. Бул шаарча эң соңку заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алып, мамлекеттик органдардын эффективдүү иштеши үчүн бардык шарттары камтыйт. Мындай долбоорлор Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция экенине бекем ишенебиз".

Президент Садыр Жапаров Ынтымак - Манас Ордонун пайдубалын түптөө салтанатында. 15-апрель, 2022-жыл.

Долбоордун наркы боюнча азырынча так маалымат жок. Жапаров ошол эле маегинде бул суроого жооп курулуш иштери аяктагандан кийин берилерин айткан:

«Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегерегинде салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз», - деп билдирген мамлекет башчы.

Имарат кайсы акчага, кандай шартта салынды, архитектору ким? Бул боюнча расмий жана так маалымат азырынча жок. Ошондуктан түрдүү жоромол пикирлер да айтылып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул тууралуу "Башталган курулушка бюджеттен канча каражат жумшалганын билбейсиңер. «Ысык-Көл» мейманканасын демонтаждоо үчүн канча каражат кеткенин уксаңар жүрөгүңөр кармап калмак. Силердин ден соолугуңарды аяган үчүн Ак үйдүн курулушунун чыныгы чыгымдары боюнча маалымат жашыруун. Мамлекеттик аппараттын ыңгайлуулугу жана жеке менчик бир компаниянын кирешеси коомдун кызыкчылыгынан жогору болуп чыкты”, - деп Telegram каналына жазган эле.

Буга байланыштуу “Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеп чыккан.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттен кеткен ар бир тыйын көзөмөлдө экенин айткан жана Бишкекте салынып жаткан жаңы имарат Казакстандын «652 миллион долларлык» Акордосунан 10 эсе арзан экенин айткан.

Дагы караңыз Иликтөө: Президенттин уулу, Туманбаевдин аты аталган курулуштар

Акордо

Отуз жыл мурда Казакстандын алгачкы президенти Нурсултан Назарбаев борбор калааны Алматыдан Акмоло, кийин Астана деп аталган шаарга көчүрүп, 2001-жылы президенттин резиденциясын куруу иштерин баштаган. Үч жылдан кийин Ишим суусунун жээгинде тышы италиялык ак мармар менен кооздолуп, алтын, жашыл, көк түстөгү элементтер менен толукталган, төбөсү Казакстандын мамлекеттик туусунукундай ачык көк түс менен боёлгон, аянты 37 миң чарчы метрлик жана жалпы бийиктиги 86 метрге жеткен Акордо (Акорда) имараты пайда болгон.

Акордо

Ичинде Азем, Чыгыш, Мармар, Кышкы, Конок, Алтын деген аталыштагы 13 зал жана уникалдуу коллекциядан турган китепкана ачылган.

Классикалык стилде курулган Акордонун тегерегине парламент, өкмөт, Жогорку сот имараттары жана айтылуу Байтерек монументи курулуп, өзүнчө архитектуралык ансамбль жаралган.

Европанын жана Казакстандын өзүнүн белгилүү архитекторлорунун бул эмгеги 2021-жылы дүйнөдөгү эң кооз 10 резиденциянын катарына киргенин казакстандык медиа каражаттары жазган.

2018-жылы Назарбаев интервьюларынын биринде Акордонун курулушуна 22 миллион доллар сарпталганын, бул акчаны Абу-Даби өнүктүрүү фонду грант иретинде бөлүп бергенин айткан. Назарбаев бийликтен кеткен соң Акордодон Биринчи президенттин Китепканасынын имаратына көчкөн. Андан кийинки мамлекет башчы Касым-Жоомарт Токаевдин администарциясы ишин Акордодо улантууда.

2022-жылы кандуу Январь окуясына чейин дал ушул Китепкана да Казакстандын саясий турмушу үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынган жай катары сыпатталып, Акордо менен катар Китепкана кош бийликтин борбору болуп калган.

2022-жылдагы кандуу окуядан соң Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы баштаган бир нече расмий кызматынын ажырап, Китепканасы жоюлду. Анын ордуна Президенттик сарай түзүлдү жана ал жай Казакстандын президенттеринин тарыхый мурасын сактап, изилдөөгө багытталган.

Аксарай, Көксарай...

Өзбекстанда алгачкы Аксарай (Оксарой) өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун (өлкөнү 1991-2016-жылдары башкарган) тушунда, 1999-жылы пайда болгон. Алты айда югославиялык компания менен биргеликте борбор калаа Ташкентте дээрлик 6 миң чарчы метрлик имарат курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген.

Каримовдун көзү өткөндөн кийин 2017-жылы алдына анын эстелиги орнотулуп, имарат өзү музейге айланган.

Аксарай

Аксарайга кошумча ордо катары Каримов 1990-жылдары Ташкенттин чет жакасындагы Дурмон кыштагына Көксарай (Куксарой) да курдурган. Бак-дарактын, гүлбакчанын түрүнө курчалган, бир нече имараттан турган резиденцияда өзбек бийлиги чет элдик конокторду, өлкө башчыларын, расмий делегацияларды салтанаттуу тосуп алып, жайгаштырып, коноктойт. Расмий жолугушуулар, сүйлөшүүлөр азыр да ушул жерде өтөт.

Азыркы президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылдын күзүндө Өзбекстанды бийликти өз колуна алган күндөн тартып Аксарайга да, Көксарайга да барган эмес, парламенттин Сенатынын имаратында иштеп, администрациясын да ошол жерге жайгаштырган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, бийликке келгенден бир жылдан кийин ал 60 жылдык мааракесин утурлай Ташкенттен 12 чакырым жердеги Чирчик суусунун жээгине жайгашкан Байткурган айылында бир нече гектар жерди ээлеген, тегерегине бийиктиги төрт метрлик тосмо орнотулган резиденция куруп, ошол жакка көчүп барган.

Жаңы курулуш үчүн бир топ үйлөр бузулган, алардын ээлерине өкмөт төлөп берген кенемте боюнча кезинде нааразылык жаралган. Имарат Аргентинадан атайын тик учак менен ташылып келген, ар бир чарчы метри 500 долларлык көк мармар таш жана Swarovski кристаллдары менен жасалгаланган. Мирзиёевдин хансарайлары тууралуу “Азаттыктын” журналисттери иликтөө жасашкан.

Дагы караңыз

Мирзиёевди сынаган беш собол

Жылдыздуу асман алаканда

Борбор Азия лидерлеринин арасынан 30 жылдан бери бийликти колунан чыгарбай келе жаткан жалгыз президент – Тажикстандын башчысы, 71 жаштагы Эмомали Рахмон.

Дүйшөмбүнүн борбордук бөлүгүндө орун алган, эл арасында президенттик хансарай деп аталып калган Улут ордосу (Касри миллат) 2008-жылы ачылган. 174 гектар жерде жалпы аянты 9 миң чарчы метрлик имаратта 280 бөлмө, зал, имарат бар.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда, сегиз жыл жүргөн курулуш иштерине 300 миллион доллар сарпталган. Рахмон бул жерди жумуш кеңсеси жана расмий жолугушуулар өтүүчү жай катары колдонот, өзү совет мезгилинде курулуп, кийин кыйла жаңыртылган мамлекеттик резиденцияда жашайт.

Улут ордосу

Мындан тышкары Дүйшөмбүнүн өзүндө жана башка аймактарда Рахмондун жалпысынан он чакты резиденциясы бар. Жайдын аптабында, мисалы, тажик президенти Варзоб капчыгайындагы дарыянын жээгинде курулган, 180 гектар жерди ээлеген Пугус резиденциясында эс алат.

Улут ордосунун тушуна курулган, бассейни, теннис корту, өзүнүн көлмөсү бар резиденция болсо 200 гектардай жерди ээлейт.

Ал эми Нуректеги Сайёд резиденциясында суу сактагычтын жээгинде эс алып отурган кишиге түнкүсүн жылдыздуу асман алаканга салгандай көрүнүп, жомоктогудай көрк ачылат.

Рахмондун резиденцияларын ким курат, канча акча коротулат, маалымат эч ачыкталбайт.

2015-жылы Theestle.Net интернет-басылмасы дүйнөдөгү эң кооз жана архитектурасы жагынан эң мыкты он президенттик сарайдын рейтингин жарыялаганда Дүйшөмбүдөгү Улут ордосу архитектуралык уникалдуулугу үчүн АКШнын Ак үйүнөн кийинки эле экинчи орунду ээлегенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазган.

Чөлдөгү ак мармар шаар

«Көз жоосун алган, биринен бири кооз ак мармар сарайлар, гүлгө оролгон бакчалар жана ээн көчөлөр».

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барган чет элдиктер бул калаа тууралуу көбүнчө ушинтип айтып келишет.

Өлкө эгемендик алгандан кийинки биринчи жетекчиси Сапармурат Ниязов (1991-2006-жылдар) чыгыш стилде, үстүнө алтын купол орнотулган, сырты да, ичи да ак мармар жана кымбат баалуу жыгач менен кооздолгон, бийиктиги 45 метрлик президенттик сарай курдурган.

Ичине баасы 55 миң долларлык, жалпы аянты 218 чарчы метрди түзгөн, колго токулган 14 килем төшөлгөн.

Түркмөнбашынын хансарайы атыккан комплекстин фонтандар жана 7,5 гектарлык парк менен кооздолгон ички короосунда ондогон кымбат баалуу лимузин турар эле.

Ниязовдон кийинки президент Гурбангулы Бердымухамедов (2007-2022-жылдар) тушунда 2011-жылы анча алыс эмес жерге Огузхан деп аталган жаңы комплекс курулду.

Огузхан

Ачык булактарда айтылгандай, анын наркы 250 миллион долларды түзөт.

Жаңы президенттик сарайды франциялык компания курган. Ага Ниязовдун заманында курулган 45 метрлик имаратты көлөкөсүндө калтыра тургандай комплекс салуу милдети коюлган. Натыйжада ак, алтын жана көк түстө жасалгаланган жаңы ордо пайда болгон.

Бир нече ири залдан турган бул комплексте расмий делегацияларды, чет элдик конокторду тосушат.

Расмий жолугушуулар өтүүчү жайлардан тышкары өлкө жетекчилигинин көптөгөн резиденциялары бар. Алардын бири Арчабилде, мисалы, чоң парк, жасалма көл, теннис ойной турган жай, бассейн, жада калса тик учак үчүн аянтча жайгашкан.

Дүйнөдө жаратылыш газын экспорттоо боюнча төртүнчү орунда турган Түркмөнстанда жакырчылыктын деңгээли жогору. Бирок башкаруусун сөз эркиндигин жана адам укуктарын одоно басмырлоо менен бийлик жүргүзүп келаткан авторитардык жетекчилер кемчиликтерин башкаларга көргөзбөөгө аракет кылат. Сырттан конок келген күнү аларга борбор калаанын мармар "капталган" бөлүктөрү гана көрсөтүлүп, жайкын тургундардын көчөдө баскан-турганы чектелет.

Хансарай курууга эмне себеп?

Казакстандык саясатчы Амиржан Косановдун пикиринде, мунун эки себеби бар.

Биринчиси - саясий өңүт. Анткени, Косанов белгилегендей, Борбор Азиядагы ондогон жылдар бою бийликти ордунан козголбой кармап келген башчылар авторитардык башкаруунун өкүлдөрү.

"Саясий өңүттөн алып караганда алар бийликте өмүрүнүн аягына чейин болгусу келет. Ошондой эле аларда эртеңки күнү “уулума же кызыма калат” дегендей ички ишеним бар. Алар авторитардык жүйөнүн символу сыяктуу. Имараты канчалык чоң, бийик, кенен болсо, статусу да, мартабасы ошончолук бийик болуп көрүнгүсү келет. Бул бийликтегилердин примитивдүү, түркөй көз карашы. Албетте, бийликтин өз имараты болуш керек. Бирок элдин, экономиканын абалын да эске алуу зарыл. Отура турган жери бар, иштесин. Орун жетишпей жатса кызматкерин, аппаратын кыскартсын. Бул имараттын баары адатта бюджеттин, карапайым эл төккөн салыктын акчасына салынат. Араб Эмирликтеринде, мисалы, шейхтер менен эмирлер сарай салып жаткан себеби, аларда монархия. Ал эми Борбор Азия башчылары өзүлөрүн демократ катары көрсөткүсү келет эмеспи".

Амиржан Косанов

Экинчи себеп жетекчилердин ой-жүгүртүү деңгээлине байланыштуу экенине көңүл бурган Косанов "мамлекетти башкарып отурган адам карапайым болсо, өзүнүн калкын ойлосо, кандай имаратта отурганына эмес, бийлик механизми кандай иштеп жатканын ойлосо мындай кадамга барбайт" деп белгилейт.

"Вашингтондогу Ак үйдү алыңыз же үлкөн империя болгон Улуу Британиядагы Даунинг-стриттин, Франциянын эзелтен бери келаткан президент отурган имаратын алыңыз, мисалы. Алар он эмес, жүз имарат салууга экономикалык дарамети бар. Бирок демократия, ырааттуулук бар, элдин пикири эске алынат. Шайланган президент же премьер-министр бир же эки мөөнөттөн кийин бийликтен кетерин билет", - деди Казакстанда президенттикке талапкер болгон Косанов.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниер президенттер жаңы имаратты башка лидерлерге атаандашкандыктан же, балким, уялгандыктан деле куруп жаткан болушу чыгар деп эсептейт. Бирок муну ал "абсурд" деп сыпаттайт.

Брюс Панниер

"Ооба, бир чети, түшүнсө болот. Конокторду ошол жерге тосушат. Бирок Борбор Азия аймагындагы калктын жашоо деңгээлин, жакырчылык көрсөткүчтөрүн эске алсак, бул өтө көп каражатты талап кылган курулуштар абсурд экенин белгилөө зарыл. Чет өлкөлөргө, мисалы, араб мамлекеттерине же ошол эле Орусияга барып, лидерлердин жашаган, иштеген жерин көргөндөн кийин, албетте, үйгө кайтканда өзүнүн иштеген, жашаган жерин карап ойлоно башташат, салыштырышат. Балким, уялышат. Башкалардын алдында мактана ала тургандай имараттарды кура башташат. Канчалык бай, заманбап экенибизди көргүлө дегендей аракет кылышат".

Кыргызстандын өкмөттүк имараттарынын таржымалы

Отурган ордосун оңдоп, кооздоп, миллиондогон долларга чет жактан курулуш компанияларын жалдап, хансарай салдырган коңшу өлкөлөрдүн башчылары арасында, ошол эле учурда, адам укугун, эркиндигин тебелеген жетекчи катары диктатор аталып, эл аралык коомчулуктун сынына кабылгандары бар.

Авторитардык коңшуларынын фонунда Борбор Азиядагы "демократия аралчасы" аталып келген Кыргызстанды эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” баяндамасында үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту.

Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Ал эми бийлик Кыргызстан адам укугу сакталган, эркиндик камсыз кылынган өлкө экенин айтып келет.

Өкмөт үйү

Токтоболот Абдумомунов көчөсүндөгү буга чейин эски Өкмөт үйү деп аталып келген үч кабаттан турган административдик имарат. 2020-жылы бул аянтка өлкөнү чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылган.

Республикалык маанидеги тарых жана архитектура эстелигине айланган имарат 1950-1955-жылдары курулган. 1965-жылы кошумча курулуш жүргүзүлүп, кеңейтилген. Советтик мезгилде ал жер партиялык жетекчилик жайгашкан негизги кеңсе болчу.

Өлкө эгемендик алгандан кийинки жылдары бул имаратта Жогорку Кеңештин II, III жана IV чакырылыштагы депутаттары иштеди. Андан кийин өкмөттүк аппарат жана премьер-министр жайгашкан кеңсеге айланды.

Эски аянттагы Өкмөт үйү. 2023-жыл.

Мурдагы президенттер бул имаратта иштеген жок. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров гана 2020-жылдагы ыңкылаптан кийин бийликке келгенде адатта президенттер отурган Ак үйдө эмес, ушул эски Өкмөт үйүндө отуруп иштөөнү чечкен.

Ак үй

Эл арасында Ак үй деп аталып калган, тилекке каршы, ондогон кишинин өмүрү кыйылган кандуу окуяларга күбө болгон имарат. Ал да Бишкектин борбордук бөлүгүндө, Ала-Тоо аянтынын жанында жайгашкан. 1985-жылы пайдаланууга берилген жети кабат имарат Чычкан капчыгайынан алынган ак мармар менен капталган.

Жалпы аянты 15 миң чарчы метрлик, модернизм стилинде курулган имаратта эки жүздөн ашуун иш бөлмө, 650 кишиге эсептелген чоң жыйындар залы, бир нече чакан зал бар.

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон 1990-жылдардын башында бул имаратта “Кыргызстандын мамлекеттик эгемендиги жөнүндөгү” тарыхый декларацияны кабыл алган “легендарлуу парламент” жайгашып турган. Кийин депутаттар эски аянттагы Өкмөт үйүнө көчүрүлүп, бул имараттын эң жогорку жетинчи кабатынын бир жак бетин президент, экинчи тарабын премьер-министр, төмөнкү кабаттарды алардын администрация, аппараттары жана башка кызматтары ээлеп калышкан. Азыр бул жерде Жогорку Кеңеш жайгашып турат.

Жогорку Кеңеш имараты. 2023-жыл.

Алгачкы жылдары сырты ачык болуп, каалоочулар жанына келип сүрөткө түшүп, ээн-эркин басып жүрө алышчу. Кийин, президент Аскар Акаевдин тушунда тегерегине темир тосмо орнотулуп, бир катар чектөөлөр коюлган.

2005-жылы өлкөнү жапырт каптаган нааразылык акциялары “Жоогазын ыңкылабы” менен аяктап, өлкөдө бийлик алмашканда демонстранттар Ак үйдүн ичине кирип барып, талап-тоноо башталган.

Туура беш жылдан кийин ичи кайрадан талкаланып, 2010-жылдагы ыңкылап кандуу окуялар менен коштолгон. Бийликтин кетишин талап кылган митингчилерге ок атылып, жүздөй кишинин өмүрү кыйылган. Кийин маркумдардын тизмеси жазылган атайын такта тосмонун бир бурчуна илинип, эскерүү иш-чараларында ал жерге эл келип гүл коюп жүрдү.

«Эл менен бийлик ортосундагы тосмо»

2020-жылы күзүндө Кыргызстан кайрадан саясий кризиске кептелип, парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин жаралган нааразылык бийликтин алмашуусу менен аяктаган эле.

Ошол эле жылы Ак үйдүн тосмосу толук алынып, бийликтин мындай чечимин Бишкек мэринин милдетин аткарып турган Балбак Түлөбаев төмөнкүчө түшүндүргөн:

«Бул тосмону алуу демилгеси премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык. Муну символикалуу көрүнүш десек болот. Эл менен бийликтин ортосундагы тосмону алуу боюнча демилге болуп саналат».

Ак үйдү курчаган темир тосмону алып салуу

Бийлик имаратынын тегерегиндеги тосмо темасы Бишкекте жаңы имарат курула баштаганы кайрадан талкууга түштү.

Буга борбор калаанын түштүк чет жакасында салынып жаткан жаңы имарат мурдагыдай эле бийик темир тосмо менен курчалганы себеп болууда.

2020-жылы Ак үйдөн кийин башка да көптөгөн мекемелердин тосмолору алынып жаткан чакта өлкө жетекчилери жашаган «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, тескерисинче, кайра бекемделсе, эми жаңы курулган имарат да тосмолонуп жатканына жергиликтүү меда каражаттары көңүл бурган.

Бишкектеги "Ала-Арча" резиденцияcы да совет мезгилинде курулган. Кийин кошумча имараттар салынып, жаңыланган. Ал жерде президент баштаган өлкө жетекчилиги жашайт. Камсыздоосу мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Мындан тышкары жетекчилер иш сапарга чыкканда токтой турган өзүнчө жайлар Ош, Чолпон-Ата шаарларында резиденциялар да бар.