Пакистанда талибдер армия офицерин, анын үй-бүлө мүчөлөрүн уурдап кетти

Пакистанды аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын бийлиги 29-августтун таңында билдиргендей, армиянын офицери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү уурдалды. Маалыматка караганда, окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Калач районунда болгон. Офицер жана анын эки бир тууганы менен жээни тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барганда уурдалганын "Машаал" радиосу коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазды.

Бул үчүн өлкөдө тыюу салынган "Техрик-и Талибан Пакистан" радикал уюму жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

Мунун алдында өкмөт коңщу Ооганстандан Пакистандын аймагына кирип жаткан жоочуларга каршы атайын операция баштаган.

Хайбер-Пахтунхва провинциясы Ооганстан менен чектешет жана “Техрик-и-Талибан Пакистан” деген аталыш менен белгилүү пакистандык талибдердин чордону катары эсептелет.

Аталган топ өз алдынча болгону менен 2021-жылдын август айында Ооганстандын башына келген “Талибан” кыймылынын жакын өнөктөшү бойдон калган.

Дагы караңыз

Орусиянын бийлиги мигранттарды көзөмөлдөө үчүн атайын реестр түзүүнү көздөп жатат Министр жаңы Ак үйдүн маңдайына өкмөттүк шаарча куруларын айтты ТИМ Новосибирскиде кырсыкка кабылган кыргызстандык тууралуу маалымат берди