Министр жаңы Ак үйдүн маңдайына өкмөттүк шаарча куруларын айтты

Президенттик администрациясынын жаңы имараты.

Бишкекте 19 имараттан турган өкмөттүк шаарча курулат. Ар бир имарат тогуз кабаттан туруп, ар бир кабатында өзүнчө мамлекеттик орган жайгашат деп пландалууда. Өкмөттүк шаарча жаңы салынган Ак үйдүн маңдайына куруларын экономика министри Данияр Амангелдиев 29-августтагы пресс-кафе учурунда билдирди. Курулуш иштери качан башталары айтылган жок.

Министр президенттик администрациянын жаңы имараты курулуп бүтүп, 30-августта расмий ачылышы болорун кошумчалады.

"Шаар жыл сайын өсүп жатат. Азыр расмий түрдө Бишкекте 1,3 млн киши жашап жатат. Бейрасмий 2 миллионго жетет деп ойлойм. Инфратүзүм буга ылайкташкан эмес", - деген Амангелдиев жер тилкесинин баасы кымбаттап жатканын, шаардын борборундагы административдик имараттарды сатып, жаңысын салууга мүмкүнчүлүк болорун айтты.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна президенттик администрациянын жаңы имараты 2022-жылы апрелде курула башталган. Президент Садыр Жапаров имаратка “Ынтымак - Манас Ордосу” деген аталыш берилерин 18-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Башында администрациялык имаратты курган компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Быйыл августта бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компаниянын жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Туманбаев 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Орус армиясы Киевге дрондор менен чабуул койдуЦРУ: Украина Курскиге жакын аймактарда көзөмөлдү сактап калууга ниеттенүүдөЗеленский АКШга согуштагы "жеңиш планын" көрсөтөтИндиянын 90дон ашуун жараны Украинадагы согушка жөнөтүлүп, сегизи каза болгон