Индиянын 90дон ашуун жараны Украинадагы согушка жөнөтүлүп, сегизи каза болгон

Индия армиясынын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын 90дон ашуун жараны алданып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн, алардын кеминде сегизи каза болгон. Бул тууралуу Индия парламентинин депутаты Викрамжит Сингх Сахнейб "Дождь" телеканалына билдирди. Депутаттын айтымында, каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүүгө мүмкүн болбой жатат.

Сингх согушка барган индиялыктардын көбүн Орусияга жумуш таап беребиз деп чакырышып, кийин эч кандай котормочу жок Коргоо министрлигинин келишимине кол коюуга мажбурлашканын айткан. Маалыматка караганда, алар согуш талаасына баргандан кийин гана эмне болгонун түшүнгөн.

Украинадагы согушта каза болгон Рави Мунунун ата-энеси баласын Орусиядагы транспорттук компаниялардын бирине орноштуруу убадасы берилгенин, бирок ал фронтко баргандан кийин гана үй-бүлөсү менен байланышканын "Дождь" телеканалына айтып беришкен.

Июлда Москва сапары учурунда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владмир Путин менен жолугушуп, Коргоо министрлиги менен келишим түшүп, согушка жалдаган индиялыктарды артка кайтаруу маселесин көтөргөн. Путин маселени чечүүгө жардам берүүгө убада берген.

Дагы караңыз

УКМК өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин тарапташы кармалганын билдирдиБУУ: Дүйнө жүзүндө таза суунун сапаты начарлап барататБишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилип жатат Парижде сот Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен камактан бошотту