Кызыл Чырым: Батыш жээкте Израилдин операциясынын 10 палестиндин өмүрү кыйылды

Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Тулкарем шаарына жакын жердеги палестин качкындары баш калкалаган Нур Шамс качкындар лагеринде рейд жүргүзүп жаткан израил аскерлери. 28-август, 2024-жыл.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму 28-августта кабарлагандай, Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жүргүзүлгөн израил армиясынын рейддеринен жана аба чабуулдарынан кеминде 10 палестиндин өмүрү кыйылды. Эки палестин Женин шаарында, төртөө жакынкы кыштакта жана төртөө Тубас шаарынын четиндеги качкындар лагеринде набыт болгонун уюмдун маалымат катчысы Ахмед Жибрил билдирди. Ал кошумчалагандай, 15 киши жараат алды.

Газада согуш башталган былтыр октябрь айынан бери Иордан дарыясынын Батыш жээгинде израил аскерлеринин рейддеринен 640тан ашуун палестиндин өмүрү кыйылды.

Израил армиясы 28-август күнү эртең менен билдиргендей, ЦАХАЛ (Израилдин Коргонуу армиясы) Батыш жээктин түндүгүндөгү Женин жана Тулкарем шаарларында "террорчулукка каршы" операция жүргүздү. Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац армия "эки калаадагы качкындар лагеринде түзүлгөн Иран-Ислам террордук инфратүзүмдөрдү жок кылуу үчүн өткөн түндөн бери болгон күчүн салып жатканын" X социалдык түйүнүнө жазды.

Палестиндердин "Ислам Жихады" радикал кыймылы 28-августта тараткан билдирүүсүндө Израилге каршы "ачык согуш" жарыялады. Бул топ Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун союздашы деп саналат.

Израилдин Газадагы аскердик операциясын баштоосуна ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Жоочулар Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Он бир айга аяк баскан согушта Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда 40 миңден көп адамдын өмүрү кыйылды. Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта учурда тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курч болуп турат.

Дагы караңыз

Орусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалдыКыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 71% гана эмделгенБраун: Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутануу тобокелдиги азайды