Бүгүн Парижде XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Маматибраим Суранов көтөрүп чыгат.
Бул Паралимпиадада спорттун 22 түрүнөн 549 комплект медал ойнотулат. Мелдештер 8-сентябрда жыйынтыкталат.
Мелдештерге Кыргызстандан төрт спортчу катышкат. Алар - дзюдочу Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг менен алектенген Миргүл Болоталиева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жана жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева.
Спортчулар Парижге 26-августта жөнөп кетишкенин Кыргыстандын Паралимпиада комитети билдирди.
Кыргыз спортчулары 1-сентябрдан баштап мелдештерге катышат. Бул күнү Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетикадан 1500 метрге жарышка чыгат. 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон мелдештер болуп, Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат.
Дзюдодон мелдештер 5-сентябрда башталса, Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта 6-сентябрда мелдешке катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында 8-сентябрда күч сынашат.
Париж Паралимпиадасына дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн беш миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер Париждеги Олимпиада оюндары өткөн спорттук ареналарда болот.
1964-жылы Жапониянын башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндар өтүп келе жатат.
Кыргызстандык спортчулар 1996-жылдан бери ага катышып келет. Азырынча бул оюндардан кыргыз спортчулары байге ута элек. (GT)
Дагы караңыз
Кайра шайлоо: Сузак округу боюнча тогуз талапкер катталдыГерманияда бир аптада экинчи жолу көчөдө бычак менен кол салуу болдуТүркмөнстан: Абортко каршы кысым аялдардын өмүрүн тобокелге салат