Техникалык илимде бир топ ачылыштарды жасаган окумуштуу табиятынан зирек, жөнөкөй, кичипейил, анан да бардык эле Айтматовдордой көркөм сөзгө жакын жан болчу. Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды.
Тоо катмары
Илгиз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы кыргыз илими үчүн өтө оор жоготуу. Совет заманында эле үлкөн илимпоз катары таанылып, маанилүү илимий багыттын башында турган окумуштуунун жарыяланган эмгектеринин маани-мазмуну ушу азыр да барк-баасын жогото элек. Тоо тектеринин геодинамикасы, ичтен даярдалып, оңор эмес опсуз күчтү пайда кылган процессти изилдеп, анын чоо-жайын аңдаштырууга академик Илгиз Айтматов өмүрүн сайган.
Тоо катмарын, жер кыртышын, пайдалуу кендерди, сейсмикалык процесстерди изилдөөгө жарым кылым ашуун убактысын сарптаган окумуштуу. Кен чыгуучу жерлердин кыртышы менен гидротехникалык курулуштардын көйгөйүн ар тараптуу иликтеген. Тоо кыртыштары механикасын изилдөө жаатында өзүнчө багыт ачкан илимпоз. Тоо катмарынын сейсмикалык жана тектоникалык кыймылын изилдеп, тоо кыртыштары кантип өзгөрүлөрүн аныктап чыккан.
Бул жаатта ал кандай ийгиликтерге жетишкенин окумуштуунун жарыкка чыккан катары калың илимий эмгектери деле айгинелеп турат. И.Айтматов 260 ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде сегиз монографиянын автору. Шакирти К.Т.Тажибаев менен биргелешип тоо кыртышынын чыңалуусунун калдыктары кантип жайланарын, мына ушул кубулуштун жөн-жайын чечмелеп берген. Кийинчерээк бул кубулуш авторлордун Эл аралык ассоциациясы тарабынан илимий ачылыш катары бааланган.
Анын негизинде тоо силкинүүсү, жер титирөөнүн чыгышын, тоолордун техногендик процесстерин аныктоо жана божомолдоо маселесин изилдөө иштерин уюштурган. И.Айтматов Кыргызстандын кендерин иштетүүгө, минералдык ресурстарды акыл-эстүү пайдаланууга багытталган илимий иштерге жетекчилик кылган, өндүрүш кызыкчылыгына байланышкан илим-изилдөө иштерин уюштурган. Анын ысымы Эл аралык биографиялык борбор тарабынан ХХ кылымдын улуу адамдарынын тизмесине киргизилген.
Илим адамдарына чанда берилчү сый-урматка, таанылууга ээ болгону менен Илгиз Айтматов күндөлүк турмушта жөнөкөй, кичипейил, сыпайы жан экенин Улуттук илимдер академиясында иштеп калганда көрдүм. Кийин журналистикага өтүп, маалымат кызыгына арбалып жүргөн кездердин биринде «Азаттыкта» чогуу иштеген Бакайдай болгон абабыз Балбай Алагушев ооруканага жатканын угуп, улуу кишини көрүп койгону барсак Илгиз аба менен бир бөлмөдө экен.
Атын угуп, өзүн көргөнүм менен бет келип сүйлөшө элек улуу инсандын ушунчалык жөнөкөй, сөзгө чебер, бир көргөн кишисине жасаган сылык-сыпаа мамилесин, тамашакөйлүгүн ошол жерден көрдүм. Илгиз абаны сүйлөтүп эле угуп отура бергиң келчү. Ал кишинин башынан оголе оор иштер өткөнүн көпчүлүк жакшы билет, кызыктуу кылып айтып берүүнүн чебери экенин ошол ооруканада байкагам.
Дагы караңыз «Курама темирдин курчтугун» далилдеген генийОор балалык
Атасы Төрөкул совет бийлиги кыргыз жерине орногондон тарта ак кызмат өтөп, 1937-жылы «эл душманы» деп атылып кеткен. Сталиндик кандуу апааттын курмандыгы болгон.
Илгиз аба 5–6 жашынан тарта башынан өткөн окуяларды мындан 15 жыл илгери таланттуу журналист Машакбай Рахманкуловго айтып берген экен.
1935-жылы Төрөкул Айтматовду Москвага окууга жөнөтүшүп, ал жерде эки жыл туруп калышкан. Апааттан кантсе да балдарын алып калайын деп атасы менен акылдашып, энеси Нагима апа 1937-жылдын августунда алыс жолго чыгышканын, поюзда кыйналып-кысталып туулган жерге келишкенин минтип эскерген жайы бар:
«Ошентип биз кокусунан эле Шекерге жолго чыгып калганда ата-энебиз анын себебин айтышкан жок. Биз болсо каникулда Подмосковьеге баргандай экен деп эч нерседен капарыбыз жок эле. Кийин Таласка келип, бир убакыт өткөндө гана иштин жайын билип отурабыз. Биз жети сутка жол жүрүп, түндө Маймакка жеттик. Кичинекей үйдүн айнегинде керосин лампа күйүп туруптур. Жүктөрүбүздү өзүбүз эле көтөрүп жүрдүк. Апабыз Розаны көтөрүп, Чыңгыз бир чемоданды, мен бир түйүнчөктү сүйрөп... Үйгө кирсек бир киши бурчта жатат, маспы, кереңби, биздин киргенибизди деле билген жок. Бир бурчуна биз жайгаштык. Эртең менен апабыз бизди эч жакка жылбай отургула деп коюп, өзү бир жакка кетип, анан кайра бир аял менен келип калды. Вокзалдан алыс эмес бир үйгө бардык. Ал биздин тууганбы, таанышпы, билбейбиз. Алар бизди жакшы кабыл алышты. Дасторкон жайылып, өрүк, мейиз, жаңгак, боорсок, нан коюлду. Бизге ал жомоктогудай эле сезилди. Көнбөгөн жайдак жерге чөк түшүп отуруп чай ичтик. Бир күндөн кийин эртеси Шекерден бир араба келди да бизди айылга алып кетти».
Апааттын жаалы күчөп турган кезде Төрөкул Айтматовдун чиедей балдарын туулган жерине жөнөткөнү бир чети жакшы болуптур, экинчи жагынан жамандыкты көрө элек жаш балдардын көз алдында атасынын үч бир тууганы камакка алынган. Биринчи болуп айылдык кеңештин төрагасы Алымкул, андан кийин милиция кызматындагы Өзүбек, аягында окуудан алып кетиши ыктымал деп үйүнө келген Рыскулбекти НКВД түндөсү алып кеткен. Төрт бир туугандын бири да жерине келген жок.
Төрөкул Айтматовдун сөөгү арадан жарым кылымга жакын убакыт өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги Чоң-Таштан табылды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошол оор кезди кийин эскере отуруп Илгиз Төрөкул уулунун: «Көп өтпөй эч кимден кабар болбой калды. 37-жылы сентябрда атабызды да камакка алышыптыр. Бизге эч кандай кабар айтышкан жок. Апабыз ар кай жактан сурап жүрдү, бирок эч ким жооп берген жок. Биз болсо социалисттик идеяларга ишенип жашай бердик», - деп айтканы бар.
Коммунисттик террордун жаалы кайтып, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тынч турмушта Төрөкул Айтматовдун балдарынын баары мыкты окушуп, илим-билим жагынан алдыга суурулуп чыгышкан. Чыңгыз Айтматовдун жылдызы жанып, чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, жазгандарынын текши баары абройлуу сыйлыктарга арзып, даңазасы катуу чыгып, ошол эле учурда бир тууган иниси Илгиз Айтматовдун илимдеги чоң жолу ачылган.
Илгиз Айтматов өмүр бою бир жерде академиялык илим-изилдөө системасында иштеди. Илимдин абалы ал кишиге жадыбалдай жат болчу. Кыргызстандын тоо-кендеринин жагдайы, алардын өлкөгө келтирчү пайдасы кандай болорун, кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү керектигин мыкты билчү.
Тоолуу жердин кыртышы, жер силкинүүсү, анын чыңалган абалы, кыртыштын бузулушу жайында илимий изилдөө жүргүзгөн. Анысын көптөгөн эмгектеринде, монографияларында сыпаттап чыккан. Бир катар ойлоп табуулардын автору болгон. Ал каруу-кубаты тайгыча илимден кол үзбөдү, ошонун кызыкчылыгы менен жүрдү.
Табият кээде бу пенде баласына өнөр менен шыкты, бийик адамгерчиликти аянбай берип коёт экен. И.Айтматов өмүрүн так илимге арнап, анын түйшүгүн аркалап жүргөнү менен көркөм сөздү аябай барктаган, анан да оозеки аңгеменин чебери болчу.
«Мени Илгиз деп татар ысым менен аташыптыр, кыргызчасы Элгес, башкача айтканда, “эл кезип жаша” деген мааниде. 37-жылы Москвада төрөлгөн карындашымды, Испанияда граждандык согуш жүрүп жатканда төрөлгөндүктөн Розетта деп аташкан. Бул белгилүү революционер испан кызынын ысымы экен, фашизмге каршы күрөшкөн. Ал эми менден кичүү, Розадан улуу Люция деген карындашымдын ысымы да таржымалдуу. Ал эгиздин түгөйү болучу. Аларга ат койгондо “РЕВОЛЮЦИЯ” деген сөздү эки бөлүп, балага Рево, ал эми кызга Люция деп ат коюшкан. Тилекке каршы бала 1-2 жашында чарчап калган. Чыңгызга ысым бергенде да ата-энебиз сыягы жакшы тилек менен улуу согушкерди эстеп беришсе керек. 70-жылдары Кавказдын бир акыны айткандай, чынында эле Чыңгыз хан дүйнөнү кылыч менен багындырса, агам Чыңгыз дүйнөнү калем менен багынтты. Көрдүңүзбү, биздин ата-энебиз бизге ысым ыйгарганга да идеологиялык тарбиянын өңүтүнөн мамиле кылышкан экен», - деп билдирген ал М.Рахманкуловго берген маегинде.
Өмүр жолу бир алды кызык, экинчи жагынан өтө эле оор болгон, бирок баарын ак эмгеги, талыбаган мээнеткечтиги, илимий таланты менен жеңген улуу инсандын баскан жолу өлкөсү менен жуурулушуп, бекем чырмалышып калган. Кыргыз жери ал үчүн жан боор өлкөсү, илимий кызыкчылыгы да болчу.