АКШ Ирандын "жаңы сүйлөшүүлөр" сунушу боюнча пикирин билдирди

Аббас Аракчи.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу маселеси азыркы тапта АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын күн тартибинде жок экенин 26-августта «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Мамлекеттик департамент өкүлү билдирди.

Өткөн аптада Ирандын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Аббас Аракчи келишим жоболорунун мөөнөтү аяктап калгандыктан аны азыркыдай мазмунда кайра кабыл алуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, жаңы сүйлөшүүлөр керек экенин айткан.

Мамдепартаменттин өкүлүнүн белгилешинче, 2015-жылы кабыл алынган өзөктүк келишим (Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA)) азыркы тапта талкууланган жери жок.

«Иранда өзөктүк курал эч качан болбойт деп Кошмо Штаттар ансыз деле кепилдик берет жана биз ошондой жыйынтыкты камсыз кылыш үчүн улуттук кубатыбыздын бардык элементтерин колдонууга даярбыз. Ошентсе да Вашингтон дипломатияны туруктуу, натыйжалуу чечимге жетүүнүн мыкты ыкмасы деп эсептейт», — деди маектеш.

Жакында телеканалдардын бирине курган маегинде Ирандын башкы дипломаты, 2015-жылдагы келишимдин түзүүчүлөрүнүн бири болгон Аракчи документтин кайрадан каралып чыгышы татаал маселе экенин айткан жана 2021-жылдагы сүйлөшүүлөрдүн форматы азыр иштебей турганын кошумчалаган.

"Жаңы сүйлөшүүлөр керек", - деди министр.

Аракчи 2021-жылдын апрель айында Тегеран менен Вашингтон келишимди кайрадан иштетүү тууралуу ортомчулар аркылуу жүргүзө баштаган сүйлөшүүлөргө катышкан. Анда ал министрдин орун басары болчу жана Ирандын сүйлөшүү тобун жетектеген. Сүйлөшүү жараяны бийликке Ибрагим Раиси келгенде үзгүлтүккө учурай баштаган жана бул иш башка кызматкерлердин колуна өткөн.

Сүйлөшүүлөр 2022-жылы сентябрда Иранда бийликке каршы нааразылык акцияларынан улам башаламандык тутанганда токтотулган.

Раисинин быйыл жазында авиакырсыктагы өлүмүнөн кийин бийликке келген жаңы президент Масуд Пезешкиан Батыш менен кызматташтыкты убада кылган. Бирок Иранда акыркы чечимди аятолла Али Хаменеи кабыл алат, ал консерватор саясатчылардын өлкөнүн өзөктүк программасын кеңейтүү аракетин колдойт.

Дүйнөлүк державалардын (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) Иран менен сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталып, 2015-жылы JCPOA деп аталган орчундуу келишим кабыл алынган. Ага ылайык, Тегеран санкциялардан арылуу үчүн өзөктүк программасын чектемей болгон.

Бирок АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттар бул келишимден чыгып, 2018-жылы кайрадан Иранга каршы санкциялар жарыяланган. Натыйжада Иран өзөктүк программасын кеңейтип, МАГАТЭнин инспекцияларына чектөө койгон.

JCPOA планы боюнча биргелешкен комиссиянын координатору болгон Евробиримдик 2021-жылдан 2022-жылга чейин Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасына ортомчулук кылган.

27 мүчөсү бар МАГАТЭ 2022-жылдын августунда келишимди кайрадан иштете баштоо долбоорун сунуштаган, бирок Тегеран менен Вашингтон "ашыкча талап коюп жатат" деп бирин бири айыптап, натыйжада сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Азыркы тапта МАГАТЭ Иранда уранды байытуучу канча машина бар экенин билбей турганы маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Германиядагы кол салуу: кыргызстандык делген өспүрүмдүн тек-жайы такталууда Краматорск: "Рейтердин" атайын тобунун мүчөсү мүрт кетти Китеп тартыштыгы кантип чечилет? Орусиянын эң ири мунай заводдорунун биринде өрт чыкты