Шольц Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүн күчөтөрүн айтты

Золинген. Кол салуу болгон жер.

Германиянын канцлери Олаф Шольц 26-августта эки күн мурда үч кишинин өмүрү кыйылган Золинген шаарына барып, депортация күчөй турганын, мыйзамсыз миграция чектелерин убада кылды.

«Бул терроризм болду, баарыбызга каршы терроризм», – деди Шольц кол салуунун курмандыктарын эскерип.

23-августта Золинген шаарынын түптөлгөнүнүн 650 жылдыгын майрамдоого арналган «Көп түрдүүлүк фестивалында» бир киши бычак менен элге кол салып, 67 жана 56 жаштагы эки эркекти жана 56 жаштагы бир аялды өлтүргөн. Фестивалдын коноктору арасынан дагы сегиз киши жараат алган.

Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ бул окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, кол салган киши анын жоочусу экенин Telegram каналы аркылуу билдирген, бирок, Reuters агенттиги белгилегендей, эч кандай далил келтирген жок.

Дүсселдорф полициясы билдиргендей, 26 жаштагы сириялык жаран 24-августта өзү колго түштү жана жоопкерчиликти алып, «Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү экенин айтып берди. Германиянын Федералдык прокуратурасы анын аталган топ менен байланышы тууралуу маалыматты иликтөөдө. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал Германиядан депортация болмогун, бирок полициядан жашынып жүргөнүн жазышты.

Золингендеги окуя Германиянын үч чөлкөмүндө кийинки айда өтө турган шайлоо алдында өлкөнүн качкындарды кабыл алуу, аларды депортациялоо эрежелери, зомбулук менен коштолгон кылмыштуулук маселеси боюнча саясий талкууну күчөттү.

«Германияда калууга укугу жоктор репатриация же депортация болушу үчүн биз колубуздан келгендин баарын жасашыбыз зарыл», – деди Шольц.

Былтыр немис бийлиги кылмышка шектүү 26 жаштагы сириялык жаранды Болгарияга депортациялоого аракет кылган, бирок анысы ишке ашкан эмес. Анткени качкындар жашай турган жерден таба албай коюшкан.

Ишемби күнү немис полициясы Золингендеги окуяга байланыштуу 15 жаштагы баланы кармаганын, ал "негизги шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полиция маалымат берген эмес" деп шектелип жатканын, өспүрүм качкындар жайында баш калкалаган кыргызстандык экенин Spiegel басылмасы жазган.

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы шаарга 500 кичи автобус алып келүүнү көздөөдө"Аба жетпей калды деп суранган". Милиция кармаган жарандын өлүмү иликтенүүдөКечки Азаттык (2-чыгарылыш)Газа боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр да натыйжасыз аяктады

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги немис медиасы жарыялаган маалыматтарга комментарий берип, каза тапкандар жана жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди. 15 жаштагы баланын тек-жайы жана анын Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн деген маалыматтын чын-төгүнү териштирилип жатканы да айтылды.(RK)