Биринчи май райондук соту 25-августта билдиргендей, Исламбек жана Руслан Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылды.
Айыпталуучулар тергөө маалында прокуратура менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүшкөн.
“Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин талаптарына ылайык, (Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо), адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат”, - деп жазылган соттун маалыматында.
Руслан жана Исламбек Матраимовдор тергөө абагынан качан чыкканы белгисиз. Бул боюнча буга чейин эч кандай маалымат берилген эмес.
Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.
Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.
Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду камакка алган. Бирок тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок. Алардын иши эмне себептен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна которулганы да беймаалым.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартканын жарыялады.
2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.
Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө парламентти Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирген. Матраимов мамлекетке 200 млн доллар бериши керек экенин айткан. Бирок бул каражат кандай эсептелгенин жана аны төлөсө Матраимовго козголгон кылмыш ишке кандай таасир этерин тактаган эмес:
“Биз Райымбек Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, бандиттерге кошулбагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Анан эмне болду? Жарым жыл, бир жыл карадык, кайра эле баштап, бажыга отуруп алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер менен дос болуп кетишти. Ысык-Көлдөгү "мыйзамдагы ууру" Көлбаев менен кошулуп алып, ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Алардан акчасын алып, коркута башташты. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча”.
Ташиев Матраимовдор менен байланышта болгон адамдарды парламенттен жана мамлекеттик мекемелерден тазалап жатканын, бирок андай адамдар дагы деле бар экенин, алар менен күрөшүүгө губернатор, аким баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол кабыш кылышы зарыл экенин кошумчалаган.
Апрель айынын башында Райымбек Матраимовдун 60 млн долларга жакын мүлкү мамлекетке өткөнү, анын ичинен бир кеңсеси 1 млрд 400 млн сомдон ашуун акчага сатылганы кабарланган.
Матраимовдук схемадан арылуу оңой эмес
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков он миңдеген адамдар аралашкан мамлекеттик машинаны матраимовдук кландан толук тазалоо оңой жумуш эмес деген ою менен бөлүшкөн:
“Органдарга ошондой тапшырма берилгени бүгүнкү күнгө чейин ачык болгон эмес. “Парламентти тазаладык, органдарды да тазаладык” деп азыр ачык айтып атышат. Бирок ага чейин өкмөт андай милдетти койгон эмес, туурабы? Кыргызстанда Матраимовго тиешелүү канча адам бар? Мисалы, Жогорку Кеңеште андан да көп кишилер бар, Матраимовдун толук колдоосу менен келгендер. Алар тазаланып бүтө элек. Парламент деген баарыбызга ачык көрүнүп турат, ал жакта 90 эле киши бар. Ошон үчүн аны эл оңой эле талдап коё алат. Парламенттин мисалында карасак, баары тазаланды деп айтсак болбойт. Килейген мамлекеттик машинада миңдеген-миңдеген адамдар иштейт. Ошондуктан алардын арасынан иликтеп чыгуу оңой эмес. Бирок ошол иштер жүргүзүлүп жатканы анык болуш керек”.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Акипресс” маалымат агенттигине курган маегинде бажыдагы матраимовдук схемаларды жоюу иши уланып жатканын билдирген. Аткаминер Кыргызстан менен Өзбекстандын бажы эсептеринин ортосунда төрт эсеге чейин ажырым болуп келгенин, буга бажыдагы жемкордук менен матраимовдук коррупциялык схемалар себеп болгонун айткан.
Дагы караңыз Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлдуМатраимовдун мамлекетке алынган мүлктөрү
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги быйыл жазында Райымбек Матраимовдон мамлекетке алынган төрт кыймылсыз мүлктү сатыкка чыгарганын жарыялады.
Алардын бири - Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метрди ээлеген эмеректери менен кеңсе. Мындан сырткары, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1400 чарчы метр коммерциялык имарат жана Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай дагы аукционго коюлган.