Лукашенконун маеги Казакстан, Арменияда нааразылык жаратты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун орус телеканалына курган маеги Арменияда жана Казакстанда нааразылык жаратты. Беларустун Еревандагы элчилигинин алдына чыккандар Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты. Астана Беларустун Казакстандагы элчисин чакыртты.