Жумгал: комбайнчы Жамила апа, тоодогу суу тегирмен

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул күндөрү Кыргызстандын аймактарында оруп-жыйноо мезгили кызып турган учур. Эл эгин чаап, малга тоют камдап жатат. Бул кезде комбайнчы менен тракторчуларда тыным жок. Ага жараша алардын баркы да көтөрүлөт. «Данисте» берүүсүнүн кезектеги каарманы - Жумгал районунун Эпкин айылынын 70 жаштагы тургуну Жамила Тойчубекова.