Өзбекстан Ооганстанда алты миллион долларга медресе курат

Өзбекстан Ооганстанда кура турган медресенин долбоору тууралуу жарнактар. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Өзбекстандын бийлиги Ооганстандын Мазари-Шариф аймагында курула турган медресени каржылайт. Бул тууралуу 21-августта Балх провинциясында өткөн иш-чарада маалым болду. Ага аймак губернатору Нур ал-Ходи Абу Идрис жана Өзбекстандын Ооганстандагы башкы консулу Фархад Назаров катышты.

"Хайр ал-Мударис Имам Бухари" деп аталган медресе миңдей окуучуга билим берери маалым болду. Ооган медиасы жазгандай, медресенин курулушу алты миллион долларга бааланууда. Имарат бир жылда курулуп бүтөрү пландалып жатат.

Белгилүү болгондой, медресенин курулушу быйыл март айында Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтү менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидовдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө макулдашылган.

17-августта борбор калаа Кабулга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөттүк делегация барган.

Бул Ооганстанда бийлик кайрадан «Талибан» кыймылынын колуна тийген үч жылдан бери өзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барган алгачкы сапар болуп калды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Эки өлкө Ооганстандын түндүгүндөгү Коштөбө каналынын, «Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келишет.

Ташкент "Талибандын" бийлигин расмий тааный элек.

Дагы караңыз

Орусиянын Волгоград облусунда абактагылар катаал режимдеги түрмөнү басып алышты Орусияда "бүтүк көз" деп мазакталган спортчу кыз өз жанын кыйганы кабарландыӨзгөндө 14 жаштагы кыз төрөп, 21 жаштагы жигит шектүү катары кармалды