"Украин аскерлери кирип келгенде нес болдук"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы журналисттер менен чогуу Орусиянын чек ара аймагындагы Суджа шаарынын тургундарын сөзгө тартканда алар украин аскерлери кирип барганда кандай нес болуп калышканын айтып беришкен. Украинанын куралдуу күчтөрү чек аранын аркы тарабындагы Курск облусуна 6-августта чабуул коюп кирип барып, аймактын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган.