Газадагы согушту токтотуу келишимине жетишиле элек

Энтони Блинкен Катардан кетер алдында. 2024-жыл, 20-август

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы сапары маалында Газада тынчтык орнотуу кадамдарын ыкчамдатуу тууралуу айтып келсе да, Израил менен АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу келишимине жетишүү аракетинен майнап чыга элек.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, шейшембинин кечинде америкалык башкы дипломат региондон кайтардын алдында "келишимди жакынкы күндөрдө түзүү зарылдыгын белгилеп, ал үчүн бардык аракеттер" көрүлөрүн билдирди.

Блинкенди коштоп барган администрациянын жогорку өкүлү Вашингтон сүйлөшүүлөр ушул аптада уланат деп ишенерин айтты.

Арачылар тобуна АКШдан тышкары Египет жана Катар кирет.

Дүйшөмбүдө премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан кийин Блинкен Израил ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алганын айтып, ХАМАСты да ага макул болууга чакырган. Палестиналык топ планды четке какпаганы менен, буга чейинки шарттардан баш тартканын билдирген.

Блинкен "АКШ Газанын Израил тарабынан узак мөөнөттүү оккупациясын кабыл албайт", келишимде аскерлерди тилкеден чыгаруунун жадыбалы көргөзүлгөнүн, "Израил ага көнгөнүн" айтты.

ХАМАСтын карамагындагы анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги 21-августта билдиргендей, согуш башталган 10 айдан бери палестиналык 40 223төн ашуун киши каза болду, 92 981 киши жараат алды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен. Израилдин эсеби боюнча, азыркы тапта барымтадагылар 105 киши, алардын 34ү каза болгону тастыкталган, сөөгү өткөрүлүп бериле элек.

Израил армиясы 20-августта маалымдагандай, израилдик алты жарандын сөөгүн аскерлер Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы туннелдердин биринен алып чыгышты.

Дагы караңыз

Бишкекте батирлерин ижарага берип, салык төлөбөгөндөр текшерилдиТалибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейтСобянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди