Иранда немис маданий борбору жабылды

Иранда полиция Немис тили институтун жаап, мөөр басып кеткени бүгүн 20-августта белгилүү болду. Борбор калаа Тегерандагы Das Deutsche Sprachinstitut Teheran (DSIT) институтунун жабылышына ал “Иран мыйзамдарын бузганы” себеп болгону кабарланды.

Ирандын сот системасынын маалымат агенттиги “Германиянын өкмөтү менен байланышкан мыйзамсыз борборлордун эки филиалы соттун чечими менен жабылды, алар көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди жана каржылык мыйзам бузууларды жасап келишкен. Тергөө уланууда” деп X социалдык түйүнүнө жазды.

Мурда Гёте институту деп аталып келген, Германиянын Ирандагы элчилигинин карамагына кирген маданий борбор 1995-жылы негизделген.

«Фарда» радиосу кабарлагандай, күч кызматкерлери имаратка күтүүсүз кирип барышкан. Андан мурдараак борбор жабылып жатканы тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөрдө тараган.

Германия Ирандын элчисин чакыртып, борбордун ишин тоскоолдуксуз улантууга тез арада уруксат берүүгө чакырды. Немис Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө ирандык күч кызматкерлеринин маданий мекемеге каршы аракети айыпталып, «бул жорукту эч бир актоо мүмкүн эмес» деп айтылды.

Өткөн айда Германия өкмөтү «Иран жетекчилигинин идеологиясына үгүттөгөн жана бул өлкө колдогон ливандык «Хезболла» тобунун согушкерлерине колдоо көрсөткөн» деген негизде “Гамбургдагы ислам борбору” (IZH) уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Серепчилер бүгүнкү окуяны немис тараптын ошол чечимине жооп деп атап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

"Ыйман" фондунун мурдагы эсепчиси кармалдыМрох: Африкада 500дөн ашуун киши каза тапты Мрох вирусу Швецияда жана Пакистанда катталды Кыргызстандын "Тулпар" картасын Өзбекстанда да колдонсо болот