Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстандын "Тулпар" картасын Өзбекстанда да колдонсо болот


Бишкектеги автобуска орнотулган "Тулпар" картанын жабдыгы, 21-январь, 2022-жыл
Бишкектеги автобуска орнотулган "Тулпар" картанын жабдыгы, 21-январь, 2022-жыл

Бишкектеги автоунаа транспортунда жол кире төлөөчү "Тулпар" картасын эми Өзбекстандын шаарларындагы автобустарда да колдонсо болот.

Бишкек мэриясы 20-августта кабарлагандай, "Тулпар" жана Өзбекстандагы жол кирени автоматтык төлөө системасынын оператору - АТТО кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, жакында кыргызстандыктар Өзбекстандын шаарларындагы автобустарда "Тулпар" картасы менен жол акы төлөй башташат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Өзбекстандын АТТО картасын колдонгондор үчүн Бишкекте түзүлөт.

"Бул кызматташтык транспорт системасындагы интеграция процессин гана тездетпестен, эки элдин саякатын да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат", - деп белгиледи мэрия. Жол акы төлөөнү интеграциялоого даярдык башталганы кошумчаланды.

Кыргызстанда коомдук муниципалдык транспортто жол кирени карта менен төлөө 2020-жылы башталып, Бишкек жана Ош шаарларында “Тулпар” системасы ишке кирген.

Учурда Бишкекте автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG