Токтогулда күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

19-августта, саат 17:55те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун билдиришинче, жер титирөө Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалыматарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

18-августта да таңкы саат 05:52де Бишкектен алыс эмес жерде силкинүү катталганын Сейсмология институту билдирген. Жер титирөөнүн күчү Бишкектен 30 чакырым түштүк-батыш тараптагы Кой-Таш айылы тарапта 2,5 баллды түзгөн.

1992-жылы Токтогул районунун аймагында бир нече адамдын өлүмүнө алып келген ири жер титирөө катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Балхаштан ажырап калышыбыз мүмкүн". Казактар АЭС долбооруна каршы Орусияда кыргызстандык жаран полицияга зомбулук көрсөткөн деп шек саналууда19-август: Ысык-Көлдө айылдарды сел каптады, экс-президент Назарбаевдин иниси абактан эрте чыгат MBANK Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтоттуМинистрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди