Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланды

Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу. Баткен, Кыргызстан. 11-17-август, 2024-жыл.

11-августтан 17-августка чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайты кабарлады.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргыз өкмөтү жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн билдирет.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келерки аптада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.

Жумушчу топтордун мурдагы жолугушуусу 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары – кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышкан.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон. (ErN)

Дагы караңыз

Ысык-Көл: Айылдарды сел каптап, эки районго өзгөчө кырдаал тартиби кирди Ысык-Көл: Селден улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипке өттүНетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирдиПольша "Түндүк агым" боюнча айыптоону негизсиз деп атадыChatGPT: АКШдагы шайлоодон улам ирандык аккаунттарга тыюу салындыЛукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айтты