Ысык-Көл: Селден улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипке өттү

Жети-Өгүз району. 18-август, 2024-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт

18-августта кечки саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел каналында топтолгон суунун ташып кетүү коркунучу жаралды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, адистер абалды көзөмөлдөп жатат. Чолпон-Ата шаарында абал туруктуу.

18-август саат 15:30 чамасында жааган жаандан кийин Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Бир кашардын короосун суу каптаган.

Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел Жууку жолун каптап, кум-шагыл толуп калган. Кийинчерээк тазаланганы кабарланды.

Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар жолдорду суу каптаган. Дарыялар, арыктардын ташып кетүү коркунучу жаралганын, бир нече жол жабылганын жергиликтүү тургундар кабарлап жатышат. Транспорт жана байланыш министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, облустук бийлик маалымат бере элек.

ӨКМ райондук жана шаардык куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн маалымдады.

Мекеме буга чейин 15-19-август аралыгында жаан-чачындан улам Кыргызстанда сел жүрүшү, тоолуу жолдордо таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Дагы караңыз

Нетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирдиКурскиде кармаш уланууда, Запорожье АЭСинде абал кооптуу