ChatGPT: АКШдагы шайлоодон улам ирандык аккаунттарга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

OpenAI илимий-изилдөө уюму Ирандын АКШдагы президенттик шайлоого ChatGPT аркылуу таасир этүү аракетине бөгөт коюлганын билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө айтылганай, бул чат-ботту ирандык аккаунттар түйүнү тексттерди генерациялоо үчүн колдонушкан.

Storm-2035 деген аталыш менен белгилүү болгон түйүн жасалма интеллекттин негизинде иштеген чат-ботту колдонуп, АКШдагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер тууралуу контент түзүп, комментарий жаздырганы, анын баары социалдык түйүндөр аркылуу жайылтылганы белгиленди.

"Биз Storm-2035 деп аныкталган Ирандын таасирдүү жашыруун операциясы үчүн мазмун жаратып жаткан ChatGPT аккаунттарынын кластерин аныктап, жок кылдык", — деп айтылды билдирүүдө.

Уюм тийиштүү өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана кызыкдар тараптар менен байланышып, бардык маалыматтарды өткөрүп бергенин кошумчалады.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт.

Республикачылардан талапкер, мурдагы президент Доналд Трамп шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу ички документтерге сырттан кийлигишүү болгонун 10-августта билдирген жана буга ирандыктар тиешеси бар болушу ыктымалдыгын айткан.

Google компаниясы узакка созулган фишинг өнөктүгү маалында азыркы президент Жо Байден, мурдагы лидер Трамп жана вице-президент, демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис менен байланышы бар он чакты адам ирандык хакерлердин чабуулуна кабылганын билдирген.

Иран бул боюнча комментарий берген жок. (RK)

Дагы караңыз

Лукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айттыБийликти сындаган Фейсбук колдонуучу, козголгон кылмыш иши Газада дагы 19 кишинин өмүрү кыйылдыӨзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барды