Швейцария Беларустун отуз чакты жаранына каршы санкция жарыялады

Беларус. Архивдик сүрөт.

Швейцария Беларуста репрессия жана адам укугунун бузулушу уланып жатканын белгилеп, бул өлкөнүн 27 жаранына каршы санкция жарыялады.

Санкциялык тизмеге Беларустун Ички иштер министрлигинин, жаза аткаруу мекемесинин айрым жетекчилери, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар кызматкери, ишкерлер жана 13 судья кирди.

Жакында ушундай эле себепти негиздеп Европа Биримдиги 28 беларус жаранына каршы санкция жарыялаган.

Евробиримдик кеңешинин пресс-релизинде айтылгандай, санкциялык тизме Беларуста 2020-жылы бурмалоо менен өткөн президенттик шайлоонун төрт жылдыгын утурлай толукталган.

"Режимдин бул үгүтчүлөрү беларус коомчулугуна мамлекеттик органдардын репрессиясына байланыштуу атайылап жалган маалымат берип, беларус жана орус бийликтери даярдаган жалган маалыматты жайылтып, демократиялык оппозицияга жана жарандык коомго каршы жек көрүүчүлүктү козутушкан", – деп билдирген Евробиримдик.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат.

Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки жапырт нааразылык акцияларына байланыштуу саясий себептен улам кармалгандар ошондон бери 50 миңден ашканын «Весна» беларус укук коргоо уюму билдирген. Уюмдун өкүлү, мурдагы саясий туткун Леонид Судаленконун айтымында, бүгүнкү күнгө карата саясий негизде козголгон кылмыш иштери боюнча соттолгондор кеминде 5472 адамды түзөт. (RK)

Дагы караңыз

ИИМ Орусияда кыргыз кыздарын коркуткандарды аныктадыСуджа: Киев аскер комендатурасын, Москва атайын план түздү Украина Курскиден качкандарды кабыл алууга даярБеш жылга кесилген Олжобай Шакир Жогорку сотко даттанды