Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

ИИМ Орусияда кыргыз кыздарын коркуткандарды аныктады


Жарандарга түшүндүрүү ишин жүргүзүү учуру. Москва. 16-август, 2024-жыл.
Жарандарга түшүндүрүү ишин жүргүзүү учуру. Москва. 16-август, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактарда миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндерди тартипке саларын видео кайрылуу аркылуу эскерткен кыргызстандык жарандар менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 16-августта кабарлады.

15-августта Инстаграм, Фейсбук жана башка бир катар социалдык тармактарда отуз чакты кыргыз жарандарынын Орусияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндер "жүрүм-турумун оңдобосо, чара көрүшөрүн эскерткен" видео кайрылуусу жарыялаган. Алардын бул кайрылуусу соцтармактарда кызуу талкууланып, мындай "жарма патриоттук" мыйзамсыз экени, арты жаман болору тууралуу эскертүүлөр берилген.

ИИМ бул боюнча ыкчам түрдө Орусиядагы өкүлчүлүккө тапшырма бергенин маалымдады. Анын негизинде видео кайрылуу жасаган жарандардын тек-жайы такталып, алар Москвадагы ИИМ өкүлчүлүгүнө чакырылган.

"Аларга түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Аягында алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турганын билдиришти. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", - деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.

Орусиядагы кыргызстандык "жарма патриоттор" кыргыз кыз-келиндерди "жаман жолдо жүрөт" деген негиз менен уруп-сабап, кордоп, аны видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган окуялар буга чейин маал-маалы менен кайталанган.

2012-жылы Сапаргүл аттуу кыз он чакты эркектин сурагына кабылып, аёосуз сабалган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратканы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG