Украина орус жарандары үчүн атайын лагерь ачуу планы жоктугун билдирди

Курск облусунун тургундары. 2024-жылдын 15-августу.

Украина Орусиянын Курск жана Белгород облустарынан эвакуация болууну каалаган орусиялык жайкын жарандар үчүн атайын лагерь ачпайт. Бул тууралуу бүгүн 16-августта «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына Украина омбудсмени Дмитрий Лубинец билдирди.

Лубинец орусиялык жайкын тургундардан эч кандай коркунуч жок экенин белгилеп, Украинанын аймагына өтүүнү каалоочулар көп деле болбой турганын айтты.

"Биз жакка келүүнү каалоочулар көп болот деп ойлобойм. Курск облусунун жайкын тургундары кандайдыр бир коркунуч жаратышы мүмкүн деген кооптонуу жок. Биз алардын ар бирине эгер кааласа эвакуация болууну сунуш кылдык. Же Орусия көзөмөлдөгөн аймакка же эгемен Украина тарапка деп гуманитардык коридорлор ачылат. Жайкын тургундардын укугун бузбайбыз, алар өзүлөрү тандашы керек", - деди Лубинец.

Украин аскерлери коңшу Орусиянын Курск облусунун Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августтун кечинде жарыялап, ал жерде командалык пункт түзүлгөнүн айткан.

Украинанын реинтеграция министрлигинин башчысы Ирина Верещук Курск облусундагы соңку окуялардан улам социалдык түйүндөр аркылуу 15-августта орус тилинде аймактагы тургундарга кайрылып, алар үчүн күнү-түнү иштей турган байланыш линиясы ачылганын, Украинага эвакуация болууну же гуманитардык жардам алууну каалагандар кайрылса болорун билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусиянын Курск аймагында түзүлгөн комендатура коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенерин 15-августта билдирген.

Ошондой эле ал Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта көзөмөлдө экенин кошумчалаган. Украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Курск аймагына украин аскерлери 6-августта кирип барган. (RK)

Дагы караңыз

"Айгай жаңырып, кооптонуп жатабыз". Курскидеги кыргыздар АКШда автокырсыкта каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралуудаКыйноо жана өлүм: Мурдагы ооган аскерлерин тооруган коркунуч Бишкекте мурдагы милиция кызматкерине кылмыш иши козголду